Боом капчыгайында жол кырсыгы: Бир киши набыт болуп, экөөсү ооруканада

Төрт жүргүнчү алып бараткан «Фольксваген Венто» автомобили Ысык-Көл облусундагы Боом капчыгайында жол четиндеги тосмону сүзүп алды. Бир кыз каза болуп, дагы үчөө жабыр тартышкан.

Патрулдук милициянын басма сөз катчысы Тилек Исаев Kloop.kgге кабарлагандай, «Фольксваген Венто» үлгүсүндөгү автомобиль 24-июль күнү кечинде Бишкекти көздөй келатып жол четиндеги таш тосмону сүзүп кирген.

Соккудан автомобиль сүрүлүп кеткен. Машинада төрт киши болгон: бир кыз каза таап, жабыркаган дагы эки киши Балыкчынын бейтапканасына жаткырылган, дагы бир кишиге амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашкандай, ооруканага жаткырылган жүргүнчүлөрдүн абалы оор, алар экөө тең 1994-жылы туулган эркек балдар.

Жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда, милиция иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Сүрөт: «Спутник Кыргызстан»