Ош: Белгисиз бирөөлөр Адвокаттар бирикмесинин имаратын бузуп кетишти

Белгисиз бирөөлөр Ош шаарындагы Адвокаттар бирикмесинин имаратын бузуп кетишти. Юристтер «вандалдарды» табуу өтүнүчү менен прокуратурага кайрылышты.

Ош ИИБден Kloop.kgнин журналистине кабарлагандай, милиция 26-июлга караган түнү адвокатуранын имаратын бузгандарды издей баштады.

Адвокаттар бирикмесинин башчысы Тургунбай Коконов билдиргендей, окуя болгонго чейин адвокаттык борбордун кызматкерлери коңшу турган үйдө жашаган киши менен талашып-тартыша кетишкен.

Юристтар ал кишини имараттын бузулушуна тиешеси бар деп күмөн санап жатышат.

Адвокаттар бул факт боюнча Ош шаардык прокуратурага кайрылышкан.

Ош облустук адвокатурасында 140 юрист иштейт. Алар Ош шаарынын жана Ош жана Баткен облустарынын тургундарына юридикалык кызмат көрсөтүп келишет.

Сүрөт: «Азаттык»