Парламент жаңы өкмөт башчысын шайлаш үчүн кезексиз жыйынга чогулат

Жогорку Кеңештин депутаттары 21-августта кезексиз жыйынга чогулуп, жаңы премьер-министрди шайлайт жана министрлер кабинетинин курамын бекитишет. Азыркы өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков президенттик жарышка катышып жатканы үчүн кызматынан кетет.

Парламенттин кезексиз жыйыны тууралуу КСДП фракциясынын башчысы жана көпчүлүк коалициясынын башчысы Иса Өмүркулов билдирди.

Анын билдиришинче, сессия жаңы премьер-министрди шайлоо жана аны менен бирге өкмөттүн жаңы курамын бекитиш үчүн өтөт.

Учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого катышып жатканы үчүн өз кызматынан 10-сентябрга чейин кетиши керек.

«Ала-Арча» резиденциясында 24-июлда болуп өткөн басма сөз жыйынында президент Алмазбек Атамбаев парламент күзгө чейин чогулуп, жаңы министрлер кабинетин бекитиши керек экенин билдирген.

Кыргызстандын президентин шайлоо 15-октябрда өтөт. Ага 40 талапкер катышаарын билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: