Видео: Ысык-Көлгө «Ауди» менен кирген айдоочуну милиция аныктап жатат

Ысык-Көлдүн жээгине машина менен кирип барган эки окуя тууралуу күбөлөр кабарлашты. Машиналардын биринде казак номери болгон.

Күбөлөр жөнөткөн видеодон «Ауди» үлгүсүндөгү автомобилдин көлгө чейин кирип барып токтоп турганын көрүүгө болот. Автомобилде Казакстандын номери турат.

Ошондой эле күбөлөр жээкте жаткан эркек кишини да сүрөткө тартып алышкан. Ал автомобилдин айдоочусу болушу ыктымал.

Башка күбөлөрдүн сүрөттөрүндө жээкке чейин айдап кирген машинанын сүрөтү тартылган. «Субару» үлгүсүндөгү машина сууга аябай жакын келип токтогон. Автомобилдин ээси сүрөттө болгон эмес жана бул учур кайсы кум жээкте орун алганы да белгисиз.

Ысык-Көл облусунун милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун айтымында, тартип сакчылары эреже бузгандардын тек-жайын тактап жатышат.

«Тилекке каршы, мындай учурлар жол эрежесин бузуу боюнча жобого кирбейт. Жазалоо менен Мамэкотехинспекция алектенет», — деди Kloop.kgге курган маегинде Усубакунов.

Ысык-Көлдүн жээгине машина менен кирүүгө тыюу салынган. Эреже бузгандарга 3 миңден 5 миң сомго чейин штраф салынат.