Шайлоо-2017: Премьер-министр Жээнбековдун үстүнөн БШКга арыз түштү

«Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» Борбордук шайлоо комиссиясына премьер-министр жана президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун үстүнөн арызданды. Коалициянын мүчөлөрү Жээнбеков премьер-министрлик кызматты үгүт иштерине пайдаланып жатат деп эсептешет.

Боршайкомго президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун үстүнөн арыз түштү.

«Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» Жээнбеков премьер-министрлик кызматты шайлоо алдындагы үгүт иштерине пайдаланып, шайлоо жөнүндөгү мыйзамды бузуп жатат деп эсептешет.

«Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү премьер-министрлик кызматты ээлөө менен аймактарга чыгып, өз иштери тууралуу айтып берүүдө», — дешет активисттер.

Премьер-министр президенттик жарышка КСДПдан ат салышып жатат.

Аны учурдагы президент Алмазбек Атамбаев ачык эле колдоп чыккан.

Казандагы басма сөз жыйынында сүйлөп жатып Атамбаев Жээнбековду «өлкө үчүн жакшы тандоо жана аябай тартиптүү» деп атаган.

БШК Атамбаевдин сөзүнөн үгүт иштери боюнча эрежелерди бузган эч нерсе тапкан эмес.

Ысык-Көлдүн жээгинде жыл сайын өтүүчү басма сөз жыйынында Атамбаев Жээнбековду дагы бир жолу колдогон ой-пикир билдирген.

«Эгерде Жээнбеков болбогондо, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановду колдомокмун. Бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүнү убалайм», — деген Атамбаев.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. БШКга 50дөй талапкерден шайлоого катышуу боюнча арыз келип түшкөн.


ТЕМА БОЮНЧА: