Текебаевдин тарапташтары ачкачылык жарыялашты

Оппозициячыл саясатчы жана президенттикке көрсөтүлгөн Өмүрбек Текебаевдин алты тарапташы ачкачылык кармай башташты. Алар Текебаевге кыргыз тил сынагын тапшырууга мүмкүнчүлүк берүү талабын коюушууда.

«Ата мекен» париясынын басма сөз катчысы Калыс Боронбаев Kloop.kgге курган маегинде Текебаев өзү ачкачылык жарыялоого каршы экенин жана аны колдобой турганын билдирди.

«Ал бизден ачкачылык кылбоону суранып жатат, бирок биз мындай мыйзамсыздыкка каршыбыз. Биз Текебаевге мамлекеттик тил сынагына катышууга мүмкүндүк берүүсүн каалап жатабыз», — деди ал.

«Ата мекен» партиясынын мүчөсү Асия Сасыкбаеванын айтымында, ачкачылык акциясын саясатчынын агасы, туугандары жана саясий биримдиктин бир нече мүчөлөрү жарыялашкан.

«Ачкачылык акциянын максаты — Текебаев боюнча сотттогу башаламадыкты токтотуу. Кыргызстанда соттордун саясий камалгандардын үстүнөн жүргүзгөн иштери репрессиялык, ал эми демократиялык мамлекетте мындай репрессиялар мүмкүн болбошу керек», — деди ал.

Текебаевдин тарапташтары Борбордук шайлоо комиссиясы саясатчыга мамлекеттик тил сынагын тапшырууга шарт түзүп бере албай койгондон кийин 27-июлда басма сөз жыйында ачкачылык жарыялоону билдиришкен.

БШКдан билдиришкендей, убактылуу камоочу жайда отурган президенттикке талапкерлер боюнча мыйзамда жазылган эмес. БШКнын мүчөлөрү Текебаевдин тарапташтарына сотко кайрылууну сунушташкан.

Бирок сот Текебаевди мамлекеттик тил сынагына коё берүүдөн баш тартты.

Эгерде Текебаев тил сынагын тапшырбаса, аны президенттик шайлоого катышуу үчүн каттай алышпайт.

Тестирлөө боюнча борбор Текебаевдин сынак тапшыруусун 10-августка белгилеген, бирок бүгүнкү күнгө чейин саясатчынын сынактан өтүүсү же өтпөй калышы белгисиз бойдон калууда.

Текебаев коорупция жана алдамчылык боюнча шектелип 2017-жылдын февраль айынан бери убактылуу камоочу жайда отурат. Бирок саясатчы БШКга президенттик шайлоого катышуу үчүн документтерин тапшырып койгон.

УКМКнын тергөөчүлөрүнүн версиясы боюнча, Текебаев 2010-жылы орусиялык ишкер Леонид Маевскийден пара алып «Мегаком» байланыш операторун башкарууга мүмкүндүк берүүнү убада кылган.

Текебаев өзү жана анын адвокаттары бул ишти оппозициячыны президенттик шайлого катыштырбаш үчүн саясий буйрук деп атап жатышат. Текебаев — президент Алмазбек Атамбаевдин саясатына сын-пикир айткандардын бири жана өлкө башчысы демилгелеген 2016-жылдагы Конституциялык реформага каршы чыккан саясатчы.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: