Турсунбеков президенттик кызмат үчүн ат салышпайт

Чыныбай Турсунбеков парламенттин спикери катары ишин улантып президенттик шайлоого катышпайт. Мурдараак саясатчы президенттик шайлоодо ат салышаарын билдирип, өзүнүн партиясы тарабынан сынга алынган.

Маалымат саат 16:05 жаңыртылды.

Турсунбеков 31-июлдагы басма сөз жыйында спикерлик кызматта ишмердигин улантаарын билдирди.

https://www.facebook.com/kloop.kg/videos/10154883243729639/

«Бүгүн парламентте спикердин ролу кыргыз эли үчүн абдан маанилүү. Мен ал кызматты [аркалоону] улантам. Мен бүгүнкү күндө коалициянын жана оппозициянын башчылары болгон көптөгөн саясатчылар менен кеңештим. Бардык сүйлөшүүлөрдөн кийин мен Кыргызстан биригүүгө муктаж деген жыйынтыкка келдим», — деп билдирди спикер.

Саясатчынын айтымында, өлкөгө саясий элитаны бириктирген адамдар жетишпей жатат, ал эми анын кызматы бул нерсеге жетишүүгө түрткү болот.

Турсунбеков билдиргендей, президенттик жарышка аттануудан баш тартууга партиянын ичинде чачыранды болбошу дагы себеп болгон.

«Көптөгөн партиялаштар менен саясий кеңештин мүчөлөрү менин чечимимди күтүштү. Бул нерсе мага партиянын бөлүнбөшүнө түрткү берди. Мен партиянын ичинде чыр-чатактын очогу болгум келбейт», — деди ал.

Анын айтымында, ал аймактардагы партиялаштары колдоп жаткандыгы үчүн президенттикке талапкерлигин койгону жаткан.

«Эгерде мен кимдир бирөөнүн басмырлоосунан корксом, КСДПнын ичиндеги адамдардай эле үндөбөй отурмакмын. Жөн гана партиянын саясий кеңешинде кол көтөрүп съездде үндөбөй отурмакмын. Мен демократияга ишенем, ошон үчүн ушундай кадамга бардым. Мен партияны демократизациялоонун үстүндө иш алып баруу керек деп ойлойм», — деди ал.

Ал КСДП партиясынын 15-июлда өткөн съездинде өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен президенттик шайлоого катышаарын билдирген. Ал сүйлөп жаткан учурда негизги талапкерди колдогон партиялаштары аны жактырбай ышкырышкан.

Анын талапкер болуп чыгуусун президент Алмазбек Атамбаев дагы колдобой, эгерде Турсунбеков партиялык көпчүлүктүн чечимине макул болбосо, анда ал партиянын катарынан кетиши керектигин билдирген.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: