Кыргызстандыктар өз паспортторундагы ПИНди өзгөртө алышат

Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарга эгерде паспортторунда ката табылса персоналдык идентификациялык номерлерди (ПИН) өзгөрткөнгө укук берген мыйзамга кол койду. Мамлекеттик органдардын катачылыгы үчүн 12 миңге жакын кыргызстандык толук кандуу мамлекеттик кызмат ала албай калышкан.

Кыргызстандыктар төмөнкү учурларда өз ПИНнин өзгөртө алышат:

  • Эгерде эки же үч адамдын паспортторунда окшош ПИН болсо;
  • Эгерде жаран туулган күнүн алмаштырып жатса;
  • Эгерде каттоо кызматы ПИНде жаран жөнүндө туура эмес маалыматты жазып салса:

Бийлик мындай мыйзамды Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) 12 миң жарандын идентификациялык номерлеринде ката табышкан соң кабыл алышты. Каталар 2015-жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоо учурунда табылган.

Жаңы мыйзам негизги документинде катасы бар адамдарга мамлекеттик жана жеке кызматтарды пайдаланууга жол берет, мисалы алар ээн эркин чет өлкөгө чыгып шайлоолордо добуш бере алышат.

ПИНдеги ката боюнча эң эле чуу жараткан жагдай Сокулукта болгон. 16 жаштагы Айкүмүш Алиева жалпы жарандык паспорт алгысы келген. Аны алуу үчүн андан социалдык камсыздандыруу полисин алып келүүнү сурашкан, аталган документ мамлекеттик органдардын шалаакылыгынан улам ката жасалган.

Натыйжада, Алиевага катасы бар паспорт берилип, документ жараксыз жана жасалма болуп калган. Бул учурга чейин Алиева ПИНди алмаштыра алган эмес, анткени мыйзам буга жол бербейт эле.

МККнын айтымында, дагы алты миң кыргызстандыкка мамлекеттик органдардын айынан экиден ПИН код берилген. Алардын арасында белгилүү саясатчылар бар, алар Бишкетин мэри Албек Ибраимов, мурдагы премьер-министр Темир Сариев, КСДП штабынын башчысы Фарид Ниязов, «Дордой» ассоциациясынын башчысы Аскар Салымбеков жана «Кыргызстан» партиясынын башчысы Канат Исаев.

ПИН — Кыргызстандын ар бир жаранына ыйгарылган 14 сандан турган код.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: