Өзбекстан жарандардын коопсуздугу боюнча Норвегияны басып өттү

Америкалык коомдук пикирлерди изилдеген Gallup институту 135 өлкөнүн жарандарынан канчалык деңгээлде алар өздөрүн коопсуз сезишээри боюнча сурамжылоо жүргүзгөн. Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, Өзбекстан Исландия, Норвегия жана Швейцарияны артта калтырып экинчи орунга чыккан.

Gallup 2016-жылкы коопсуздук боюнча сурамжылоонун жыйынтыгын чыгарган. Уюм 135 өлкөнүнүн ичинен 136 миң жарандан сурамжылоо жүргүзгөн.

Изилдөөчүлөр жарандардан өлкөдө өздөрүн канчалык деңгээлде коопсуз сезишип жана кылмыштуулукка кабылып же кабылбаганы боюнча сурашкан.

Жоопторго жараша өлкө 100 баллдык өлчөө тутуму аркылуу бааланган. 100 балл — эң чоң коопсуздук сезими, ал эми 0 — балл эң аз.

Социологдор жарандардан кечкисин сейилдеп жүргөндө канчалык деңгээлде полицияга ишенип жана өздөрүн коопсуз сезишкени тууралуу билгилери келген. Ошондой эле алар сурамжылоого алынгандардын канчасы кол салууларга жана канчасы каркчылыкка дуушар болушканын изилдеп чыгышкан.

Өзбекстан мурда Ислам Каримовдун башкаруусунда өзүнүн авторитардык башкаруусу менен белгилүү болуп, учурда тизмеде болгону Сингапурдан артта калып 95 балл менен экинчи орунга чыккан.

Борбор Азиядагы Өзбекстан жарандардын укугун сактоо жана эркиндиги боюнча эң эле "эркин" деп эсептелген Исландия, Норвегия жана Швейцария өлкөлөрүнөн алдыга озуп чыккан.

Ошондой эле, Өзбекстан сурамжылоого катышкан бир дагы жаран кол салуулар же карактоо жөнүндө айтпаган жалгыз жалгыз өлкө болуп калды.

Кыргызстан Орусия менен катар 100 баллдын ичинен 74 балл алган. Натыйжада КМШда жарандардын коопсуздугу эң эле аз  сакталган өлкөлөрдүн катарын толукташкан.

«Коопсуздук үчүн чоң акы төлөө»

Бирок Gallupтун изилдөөчүлөрүнүн айтымында, бийик көрсөткүчтөргө жетүүнүн баасы жарандардын укуктары менен сөз эркиндикти басмырлоо аркылуу ишке ашырылат.

«Айрым учурларда коопсуздук өтө чоң баага бааланат… Өзбекстанды кээ бирде "полиция мамлекети» деп аташат», — деп айтылат отчётто.

Отчёттогу бийик көрсөткүчкө карабастан, адам укутарынын абалы боюнча Өзбекстан биринчи жолу сынга алынган жок.

«Хьюман Райтс Вотч» укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча, жарандык активисттер менен оппозициячылдар катуу кысымга алынат, ал эми сөз эркиндиги өтө эле чектелген.

Ошондой эле, уюмдун маалыматы боюнча Түркменистан (4 орунга) чыгып бийик көрсөткүчтөргө ээ болгон. HRWнын маалыматка ылайык, Түркмөнстанда коомдун бардык багыттары менен жарандардын жашоосу президент жана анын тегеректегилери менен көзөмөлгө алынган.

Түркмөн бийлиги башкача ой жүгүртүүгө жол бербейт жана өлкөдөгү бардык маалыматтарга катуу көзөмөл жүргүзөт.

Мындан тышкары, Түркмөнстанда 2016-жылы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун өмүр бою өлкө башчысы болуу мүмкүнчүлүгүн берген жаңы Конституция кабыл алынган.

Сүрөт: Gallup

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: