Төрөбаев жаңы партияга аталыш ойлоп тапканга iPhone берет

Саясатчы Бакыт Төрөбаев кыргызстандыктардын арасында сынак жарыялады. Ал жаңы партиянын дизайны менен аталышын ойлоп тапкан адамга iPhone 7 белек кылмакчы. Жаңы партия үч партиянын, «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Журт Мекенчил» жана «Бүтүн Кыргызстан» партияларынын биригишинин жыйынтыгында пайда болот.

Төрөбаев конкурс боюнча өзүнүн Фейсбук барагында жарыялаган. Эгерде ким жаңы партиянын эн белгиси менен аталышын ойлоп тапса ал iPhone 7 алат.

«Урматтуу достор жаңы партияны каттоодон өткөрүү боюнча тийиштүү документтерди даярдай баштадык (Өнүгүү-Прогресс + Ата-Журт Мекенчил + Бүтүн Кыргызстан). Биздин интернет баракчаларыбыздагы досторубуздун арасында жаңы партиябыздын аталышына жана эмблемасына конкурс жарыялоону чечтик», — деп жазган Төрөбаев.

Саясатчы сынакка катышууну каалочулар үчүн үч шарт койгон:

  • Жашы 16дан жогору;
  • Партиянын кыска жана маңыздуу аталышы;
  • Ээн белгинин долбоору.

Сунуштар менен долбоорлорду 20-августка чейин жөнөтүү керек.

Жаңы партия Бакыт Төрөбаев башкарган «Өнүгүү-Прогресс» партиясы Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибеков жана Адахан Мадумаровдун «Бүтүн Кыргызстан» партияларына кошулуусунун жыйынтыгында пайда болот.

Бардык төрт саясатчы келерки 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого талапкер.

Саясатчылар келерки шайлоодо бирдиктүү талапкерди колдош үчүн биригишкен. Азырында алар колдой турган талапкердин аты-жөнү белгисиз.

Мындан тышкары бул саясатчылар менен башка талапкер мурдагы премьер-министр Темир Сариев сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы маалым. «Азаттык үналгысына» берген маегинде, ал төрттүк менен биригиши мүмкүндүгүн айткан.

Kloop.kg сурамжылоого алган саясий серепчилер партиялар бийликчил талапкер жана учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековго атаандаштык жаратуу үчүн биригишкенин айтышкан.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: