«Манас» эпосу биринчи жолу түрк тилине которулду

Стамбулда «Манас» эпосу түрк тилинде көрсөтүлдү. Эпосту түрк тилине алгачкы жолу которушту. Китептин көчүрмөлөрү Стамбул мэри Кадыр Топбашиге тапшырылды.

«Манас» эпосу сегиз ай ичинде түрк тилине которулган. Которуу үчүн түп нуска катары белгилүү манасчы Сагымбай Орозбаковдун версиясы алынган.

Которулган китептерди көрсөтүү иш чарасында Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп чыккан. Ал «Манас» эпосун бүткүл түрк тилдүү дүйнөсүнүн мурасы экенин белгиледи.

«Түрк тилдүү элдердин арасында кыргыздар дүйнө маданиятына "Манас" эпосу жана дүйнө жүзүнө таанымал жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары сыяктуу чоң салым кошконун сыймыктануу менен айта алышат», — деди Жээнбеков.

Жээнбеков манас эпосу жөнүндө китептердин бирин Стамбулдун мэри Кадыр Топбашиге тапшырды, ошондой эле, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган үчүн мэрге дагы бир китеп өткөрүп берди.

Август айында Стамбулдун сейил бактарынын биринде Манастын айкели ачылган. Эстеликти куруу жана орнотуу иштерин Стамбулда жашаган кыргызстандык каржылаган.

«Манас» — ири кыргыз эпосу. Ал адамзатынын маданий мурастарынын тизмесине жана «дүйнөдө эң ири эпос» катары Гиннес китебине кирген.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: