Ысык-Көл: Жол кырсыгынан бир жашар бала менен энеси каза болду

Балыкчы-Каракол жолунда «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү кичи автобус жеңил машина менен бетме-бет сүзүшкөн. Жол кырсыгынын натыйжасында бир жашар бала менен энеси каза таап, дагы алты адам жабыр тартышты.

Жол кырсыгы 10-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бар-Булак айылына жакын жерде катталган. Милициянын маалыматына ылайык, кичи автобустун айдоочусу жолдун каршылаш тилкесине чыгып кетип жеңил машинаны сүзгөн.

Кырсык болгон жерде алган жараттарынан улам 35 жаштагы аял жан берген, ал эми анын бир жашар баласы реанимацияда көз жумган.

Дагы жети адам жабыр тарткан, алардын алтоосу учурда тез жардам көрсөтүү бөлүмүндө, дагы бирөө травматология жеткирилген.

Жабыр тарткандардын арасында үч өспүрүм бар. Кырсыктан кичи автобустун айдоочусу жабыр тарткан эмес.

Милиция учурда авто-техникалык жана соттук-медицина текшерүүсүн жүргүзүп жатат. Учурда жол кырсыгынын чоо жайы такталууда.

Сүрөт: «Turmush»

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: