БШК Жээнбековду президенттикке талапкер катары каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы премьер-министр Сооронбай Жээнбековду бийликчил социал-демократтар партиясынан (КСДП) президенттикке талапкер каттары бекитти.

Жээнбеков Боршайкомдун 21-августта өткөн отурумунда каттоодон өттү.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова комиссиянын башка мүчөлөрү Жээнбековдун талапкерлигин бирдиктүү түрдө жактыргандан кийин ага талапкердик күбөлүктү ыйгарды.

«Көптөгөн тилектештерим кызматты тапшырбай эле шайлоо бүткүчө ыйгарым укуктарды токтотуп турууга көндүрүүгө аракет кылышты. Мен мунун баарын ойлонуп көрүп, өлкөбүздүн президентине кызматтан кетүү боюнча арыз жазууну чечтим. Президентибиз колдоп, мен президенттикке талапкер катары бирдей шарттарда шайлоого барам», — деди Жээнбеков.

Ал кошумчалагандай, президент анын кызматтан кетүү тууралуу арызына качан кол коёорун билбейт. Президент Алмазбек Атамбаев Жээнбековдун арызын 21-августта түштөн кийин кабыл алышы мүмкүн — премьер-министрдин айтымында, ал дал ушул убакытта президент менен жолугушмакчы.

Ошондой эле Жээнбеков кийинки премьер-министр ким болушун да билбей турганын кошумчалады. Мурдараак кыргыз ЖМКлары өз булактарына таянуу менен өкмөт башчысы азыркы президент администрациясынын башчысы Сапар Исаков болуп калышы ыктымал экенин жазып чыгышкан.

Сооронбай Жээнбеков — бийликчил КСДПдан алдыда боло турган президенттик шайлоого ат салышкан талапкер.

Жээнбековдун талапкерлиги партиянын 15-июлда өткөн курултайында көрсөтүлгөн. Атамбаев да аны «чынчыл киши» деп атап, Кыргызстан үчүн «жакшы тандоо» болоорун билдирген.

«Бул өлкө үчүн жакшы тандоо болмок. Ал аябай тартиптүү, чынчыл адам. Менин оюмча, ал өлкөдөгү ачык жана чынчыл коомду түзүүгө багытталган агымды улантып кете алмак», — деген президент.

Жээнбековдун президенттикке көрсөтүлүшү башка талапкерлер тарабынан айтылган сын-пикирлер менен коштолгон. Мисалы, мурдагы премьер-министр Темир Сариев аны үгүт иштерин жүргүзүүдө «кызматтык абалын пайдалануу» боюнча айыптап чыккан.

Сариев Жээнбековдун КТРКнын эфиринде үч аптанын ичинде 127 жолу пайда болгонун эсептеп чыккан. Бирок БШК премьер-министр тарабынан үгүт жүргүзүү белгилерин тапкан эмес.


ТЕМА БОЮНЧА: