АКШнын жашоочулары 21-август күндүзү толук күндүн тутулушун байкай алышты. Кыргызстанда аны көрүүгө мүмкүн эмес болчу, ошондуктан Kloop.kg асман кубулушунун сүрөттөрүн чогултту.

АКШ 21-августта күн тутулушун көрүүгө мүмкүн болгон жалгыз өлкө. Акыркы жолу америкалыктар толук күн тутулушун 1918-жылы байкай алышкан.

АКШнын аймагында күн тутулуу 1,5 саатка созулду, ошондуктан ЖМКда аны «Улуу америка күн тутулуусу» деп атап алышкан.

The fires in Oregon made my eclipse viewing a bit dark and smokey. #eclipse2017 #eclipse #eclipsefrommycampsite

Публикация от Blanch Blanchard (@blanchblanchard)

Күндүн толук тутулушун АКШнын бир нече штатынын жашоочулары көрө алышты, анткени алар 113 чакырымды түзгөн айдын көлөкөсүнүн жолунда болушкан, жалпысынан 70 млн адамды түзгөн 14 штат байкай алган.

Ал эми күн толук жашынган райондордо кубулуш 1-2 мүнөт 40 секундга чейин уланган. Калган аймактарда күн тутулуу жарым жартылай гана болгон.

Жаратылыш кубулушун көрүүгө көптөгөн туристтер келишкен. Орегон штатындагы Мадрас шаарына бүткүл америкадан 100 миңге жакын турист келген.

Күн тутулуу картасы.

НАСА бул көрүнүштүн урматына атайын өзүнчө сайт ачып, түз алып көрсөтүү уюштурган. Кийинки күндүн толук тутулуусу 2019-жылдын 2-августунда болот. Аны Чили менен Аргентинанын борбордук райондорунун тургундары көрө алышат.

Сүрөт: harleys66

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: