Бишкектин Биринчи май райондук соту «экстремисттик материалдары» үчүн «Сентябрь» телеканалын жабуу боюнча чечим чыгарды. Телеканалдын өкүлдөрү бул чечимди даттана турганын билдиришти.

Телеканалдын өкүлү Кайыргүл Умурканова Kloop.kgнин журналистине Бишкектин Биринчи май райондук соту «экстремисттик материалдар» үчүн «Сентябрь» телеканалын жабуу чечимин чыгарганын билдирди.

Телеканалга каршы арызды Башкы прокуратура берген. Ага телеканалдын Ош облустук ИИБдин мурдагы башчысы Абдылда Капаровдун «Жээнбековду сындаган» сөзүн чыгарганы себеп болгон.

Ошол эле учурда кайсы Жээнбеков жөнүндө сөз болуп жатканы белгисиз: оппозиционер Равшан Жээнбеков тууралуубу, же болбосо мурдагы парламенттин спикери Асылбек Жээнбековбу же учурдагы КСДП партиясынан президенттик шайлоого талапкер болуп жаткан мурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жөнүндө сөз болуп жатканы белгисиз.

Капаров 2017-жылдын 21-июнунда «коомдун алдында конституциялык түзүмдү күч колдонуп өзгөртүүгө үндөгөнү» боюнча 4 жылга эркинен ажыратылган.

Ош ИИБдин мурдагы начальниги мурдагы спикер Асылбек Жээнбековду 2015-жылы болгон оппозициянын курултайында 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык жаңжал учурунда курал жарактарды ташыды деп айыптап сындаган. Капаров ошондой эле Сооронбай Жээнбековду дагы сынга алган.

«Капаров түз эфир учурунда Жээнбековду сындаган жана бул "Сентябрь" аналогдук телеканалынын эфирине берилген», — деди Умурканова.

Умурканованын айтымында, Башкы прокуратуранын арызы алардын телеканалына тийиштүү болбошу керек, анткени Капаров менен болгон эфирди 2016-жылы жабылган «Сентябрь» аналогдук телеканалы Жалал-Абадда чагылдырган.

«Бул материал мурдагы жылы аналог форматында Жалал-Абадда көрсөтүлгөн. Ал канал жоюлган, ал жок», — деп айтты Умурканова.

Анын айтымында, «Сентябрь» 2016-жылы санариптик көрсөтүүгө өткөн жана каналдан эч качан экстремисттик мүнөздөгү материалдар чыккан эмес.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: