Акыйкатчы: соттун «Сентябрды» жабуу өкүмү «өтө эле катаал»

Акыйкатчы соттун «Сентябрь» телеканалын «экстремисттик материалдын» көрсөтүлүшүнө байланыштуу жабуу чечимин «өтө эле каттал» деп эсептейт. Телеканал 28-августта өзүнүн берүүлөрүн токтотту, бирок интернетте «Жалбырак ТВ» деген аталыш менен көрсөтүүсүн улантат.

Оторбаевдин айтымында, «экстремисттик мүнөздүү» деп аталган материалдар 2016-жылдын 29-сентябрында бир жолу эле көрсөтүлгөн, ошондуктан бул нерсени «экстремисттик ишмердүүлүк» деп аттоого болбойт.

«Соттун чечиминде "Сентябрь" телеканалынын администрациясы экстремисттик ишмердик менен алектенген деп келтирилген дооматтарын көбүртүп жабыртылган деп эсептейбиз», — деп билдирди акыйкатчынын басма сөз кызматы.

Оторбаевдин пикиринде, телеканалдын кызматкерлери «экстремисттик мүнөздүү» материалды чагылдырып жатканын билбеген болушу ыктымал, анткени алардын бул тармак боюнча эксперттик билимдери жок.

Акыйкатчынын айтымында, бийлик телеканалга карата жөн эле алдын алуу эскертмесин берип коё алмак. Оторбаевдин пикиринде, материалдын чагылдырылышы соттун чечиминде көрсөтүлгөндөй, «кандайдыр бир оор кесепеттердин пайда болушуна алып барган эмес».

«Бир адамдын телеканалдан чыгып сүйлөгөнү коомчулуктун коопсуздугуна реалдуу коркунуч же башка кесепеттердин чыгышына алып келген деген ырастоо биздин көз караш боюнча өтө эле "көбүртүп жабыртуу" болуп эсептелет», — деп айтылат маалыматта.

Телеканалдын жабылышы

«Сентябрь» телеканалы соттун чечимине ылайык 28-августта өзүнүн көрсөтүүлөрүн токтотту. Бирок ал интернетте «Жалбырак ТВ» деген жаңы аталышта өз ишин улантат.

Телеканлдын жетекчилиги «бийликтин кысымынан» улам интернет түйүндөрүнө кетүүгө мажбур болушканын билдирген.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 22-августта Башкы прокуратуранын арызы боюнча телеканалды жабуу өкүмүн чыгарган. Ага телеканалдан «экстремисттик мүнөздөгү» материалдын эфирге чыкканы себеп болгон.

Башкы прокуратура 2016-жылы жабылган каналдын аналогдук форматында Жалал-Абадда көрсөтүлгөн материалды «экстремисттик» деп тапкан.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, телеканал Ош облустук ИИБдин мурдагы башчысы Абдылда Капаровдун эфир учурунда Кыргызстанда өзбек туусу менен өзбек гимни ойнолгону «болбошу керектигин» билдиргенин чагылдырган.

Капаров 2014-жылы Ош облусунун Араван районундагы «Маткасым» мектебинин 90 жылдык мааракесин майрамдоо учурунда тургундар Өзбекстандын гимнин угуп жана өзбек туусун колдоруна кармап желбиретишкенин айткан.

Кйинчерээк Капаров 2017-жылдын 21-июнунда «коомдун алдында конституциялык түзүмдү күч колдонуп өзгөртүүгө үндөгөнү» боюнча 4 жылга эркинен ажыратылган. Бирок ал өз күнөөсүн мойнуна алган эмес.

«Сентябрь» телеканалы Кыргызстанда бир жарым жыл көрсөтүлгөн. Телеканал 1-апрелден тартып Бишкекте жана Чүй облусунда көрсөтүлө баштап, бир нече айдан кийин өлкө боюнча эфирге чыга баштаган.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: