«Жарайт сити»: #БирГраммСийбе жана президенттик шайлоодо кимди кааласаң ошого добуш бер

«Жарайт сити» менен «Эл эмне дейт» скетч-шоусунун резиденттери жаштарды президенттик шайлоодо коркпой, кайсы талапкер жакса ошого добуш берүүгө үндөгөн видеотасмага тартылышкан.

Видео орус жана кыргыз тилдеринде жазылган. Анда тамашалуу көрсөтүүлөрдүн актёрлору добуш берүүгө мажбурланып жаткан жаштарга кайрылышкан.

https://www.facebook.com/bermet.bukasheva/videos/1625559030829096/

«Сен студентсиң, сени бир талапкерге добуш бер деп айтышты, сен шайлоого бардың… Ошол кишиге добушуңду бердиңби? Башыңды иштетпейсиңби. Сенин өзүңдүн ой-пикириң жокпу? Каалаганыңа эле добуш бере бер да. Ушул будкада сени эч ким көрбөйт. Аркаңан эч ким аңдып карабай эле сени. Бул сенин тандооң. Коркпо!» — деп айтылат актёрлордун кайрылуусунда.

Роликтин соңунда төмөнгүдөй текст пайда болот: «Өз каалаганыңды танда!» — #БирГраммСийбе.

Укук коргоочулар 2016-жылдын декабрында Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумдумда студенттерди өзгөртүүлөргө макул деп добуш берүүгө зордошконун билдиришкен.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Боршайком президенттикке болгону төрт талапкерди каттаган: Алар өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен аттанган Өмүрбек Бабанов, «Ак шумкар» партиясынан Темир Сариев, КСДП партиясынан Сооронбай Жээнбеков жана «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан Бакыт Төрөбаев. Калган 20 талапкердин документтерин комиссия карап жатат.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: