Эркиндик форуму: Атамбаевди «ЖМКларга кысымды» токтотууга чакырышты

Бишкекте «Эркиндик форумунун» катышуучулары президент Алмазбек Атамбаевди Кыргызстанда «сөз эркиндигин камсыздоого» чакырышты.

Саясатчылар, укук коргоочулар жана активисттер 30-августта өткөн «Эркиндик форумунда» бийликти «сөз эркиндигин камсыздап, саясий куугунтукту токтотууга» чакырышты.

Мурдагы депутат Феликс Кулов Атамбаев «ЖМКга жана оппозицияга кысымды» токтотушу керектигин айтты. Анын айтымында, эгер бул нерсе болбосо 2005 жана 2010-жылдын март айындагы революция кайталанып кетиши мүмкүн.

«Бийлик, акыркы окуялар көрсөткөндөй, мындан ары эч ким көтөрүлбөйт деп ойлоп алды. Алар жада калса мыйзамсыз сот чечимдери элди көтөрбөйт деп ишенишүүдө. [...] Айыптоо чечимдери далилсиз, мыйзамдарды бузуу менен чыгарылууда. Эртеби же кечпи бул нерсенин натыйжасы болот», — деди ал.

Президенттик социал-демократтар партиясынынын (КСДП) катарынан чыгарылган парламенттин депутаты Жанар Акаев бийлик «журналисттерди дагы, парламентти дагы коркутуп алды» деп эсептейт.

«"Азаттык", "24.kg, "Заноза" басылмаларына каршы берилген миллиондук арыздар бийликтин беделин кетирди. Териштирүүсүз "Сентябрь" телеканалын жаап салышты. Бул кыжырды келтиргендик! Жада калса мыскыл тамашачылардын айрым бир темалар менен элдин алдына чыгуусуна тыюу салышууда. Сөз эркиндигин чектөө сандырактыкка жетти», — деди ал.

Социалдык өнүгүү министринин мурдагы орун басары Эдил Байсалов «ЖМКга болгон кысым жеткен чегине жетти деп» эсептейт.

«Биз көптү көрдүк, бирок биринчи жолу ["Сентябрь"] телеканалын жабуу үчүн антитеррористик мыйзамды колдонушту», — деди Байсалов.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова шайлоого жакын журналисттерге жана жарандык активисттерге каршы кысым күчөйт деп эсептейт.

«Биз негизделбеген дооматтар менен ЖМКларды жаап жатышканын көрүп жатабыз жана кысым күчөй берет», — дейт укук коргоочу.

Материалды чыгараар алдында Kloop.kgнин журналисттери президенттин администрациясы менен байланышууга кылган аракети жыйынтык берген жок.

ЖМКларга каршы арыздар

Атамбаев ЖМКлар менен 2017-жылдын мартынан тартып соттошо баштаган. Анда Башкы прокуратура президенттин атынан эки онлайн-басылма, «Заноза» менен «Азаттыкка» каршы өлкө башчынын ар-намысы менен кадыр-баркын коргоо максатында арыз берген. Башпрокуратура «Занозадан» 6 млн сом, ал эми «Азаттыктан» 20 млн сом талап кылган.

Бирок Атамбаев «Азаттык үналгысынын» башчысы Томас Кент менен жолугушкандан кийин «Азаттыкка» каршы арызды артка кайтарууну буйруган. Атамбаев «Азаттык» жетекчиси алмашкандан бери «жакшы жаза баштады» жана редакциянын саясаты өзгөрдү деп билдирген.

Башкы прокуратура «Занозага» каршы дагы үч арыз берген. Бишкектин Октябрь райондук соту басылманы жанан анын түзүүчүлөрүн «жалган маалымат таратуу» боюнча күнөөлүү деп тапкан. Соттун чечимине ылайык, алар Атамбаевге 30 млн сом төлөп бериши керек.

Атамбаев өзүнүн жайкы маалымат жыйынында «Занозаны» кечирбестигин билдирген. Анын айтымында, басылмага каршы арыздары менен журналисттерди «чындыкты» жазууга үйрөткүсү келет.

«Мен бир эле нерсени, прессанын чынчыл болушун талап кылуудамын. Эгерде чын болсо, мен жөнүндө каалаганыңарды жазгыла. Бирок, келгиле, жалгандан кайталы. Эгерде мен бул сабакты берсем, калгандар коркуп калышат», — деген ал.

Басылманын тең түзүүчүлөрү Дина Маслова менен Нарын Айып берилген арыздардан көз карандысыз ЖМКларга болгон кысымды гана көрүшүүдө. Алар беш арыз боюнча соттун чечимин даттанышкан.

Сот жакында эле оппозиционер Өмүрбек Текебаев менен байланыштыгы бар «Сентябрь» телеканалын жабуу өкүмүн чыгарган. Сот телеканал «экстремисттик материал» чагылдырган деп эсептеген.

Телеканалдын жетекчилиги анын аталышын «Жалбырак ТВ» деп өзгөртүп, «бийликтин кысымынан» улам интернетте эфирге чыгууну уланткан.

Акыйкатчы соттун «Сентябрь» телеканалын «экстремисттик материалдын» көрсөтүлүшүнө байланыштуу жабуу чечимин «өтө эле каттал» деп атаган. Ал бийлик телеканалга карата жөн эле алдын алуу эскертмесин берип коё алмак деп эсептейт.