Мьянма аскерлери менен рохиня муслумандарынын ортосундагы тирешүүдө 400гө жакын адам өлгөнү кабарланууда. Миңдеген рохиня эли үйлөрүн таштап, коңшу Бангладештен башпаанек табууга аракет кылышууда.

Сүрөт: CNN

Ракхайн штатындагы уруш миңдеген рохиня калкын үйлөрүн таштап Бангладешке качууга мажбур кылган.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, 40 миң рохиня мусулмандары Мьянмадан качуу аракетин көрүшүүдө.

Аскерлер менен рохинялардын ортосундагы кагылышта расмий түрдө 400 адам өлгөнү маалымдалууда, алардын көпчүлүгүн өлкөнүн бийлиги «террористтер» деп атаган.

Эмне болгон?

Мьянма бийлиги 25-августта рохиня мусулмандарынын тобу батыштагы Ракхайн штатында бычак жана колго жасалган бомбалар менен 30га жакын полиция постторуна чабуул кылышканын айтууда. Натыйжада 12 адам набыт болгон.

Ар кандай ЖМКлардын маалыматтарына ылайык, рохиня менен Мьянма армиясынын кагылышы дагы эле уланып жатат. Ошондой эле жергиликтүү тынч жашаган тургундардын каза тапканы дагы айтылууда.

Качып кеткендердин айрымдары полиция постторуна чабуул болгондон кийин аскерлер рохинялар жашаган үйлөрдү өрттөп жатышканын билдиришүүдө.

Сүрөт: Reuters

Журналисттер Мьянма менен Бангладештин чек арасындагы «өрт чыкканы» тууралуу кабарлап жатышат. Ал эми спутниктен тартылган сүрөттөр штаттын аймагында ар кайсы ондой жерде өрт чыкканын көрсөтүүдө.

БУУ 25-31-августта Бангладешке 27 миңге жакын адам качып кеткенин маалымдоодо. Алардын көпчүлүгү аялдар менен өспүрүмдөр.

Кошумча 20 миң рохиня учурда эки өлкөнүн ортосундагы кагылышка тийиштиги жок аймакта күн кечирүүдө.

«Биз жолдун жээгинде көптөгөн чатырлар менен баш калкалоочу курулуштарды көрүүдөбүз. Жердин бир да тилкеси бош эмес», — дейт БУУнун Бангладештеги өкүлү Вивиан Тан.

Бангладештин чек арачылары качкындардын агымын токтотууга аракет кылууда, бирок ага карабастан миңдеген адамдар өтүп кете алган.

«Рохиняны куткаруу армиясы» 25-августтагы кол салууга жоопкерчиликти өз мойнуна алды. Уюмдун мүчөлөрүнүн айтымында, алардын башкы максаты Мьянмада бийликтин кодулоосуна кабылган мусулмандарды сактоо.

Сүрөт: AFP

Мьянма өкмөтү «Куткаруу армиясынын» башчылары чет жакта атайын даярдыктан өткөн, террористтик топ деп эсептөөдө.

«Бул террористтик чабуулдар Ракхайнда тынчтыкты куруунуу каалап жаткандардын аракеттерин текке кетириш үчүн пландалган», — деп окуяга комментарий берген өлкөнүн президенти Аунг Сан Су Чжи.

Бирок «Куткаруу армиясынын» өкүлдөрү террористтер менен болгон байланышын четке кагып, алар «бийликтин зомбулугун токтотууну каалап жаткан жаш рохинялар тобу» деп билдиришүүдө.

Учурда штатта аскерий кырдаал жарыяланды — ал жакка журналисттер менен гуманитардык жардам кызматкерлери жана укук коргоочулар киргизилбей жатат.

Рохиня эли дегендер кимдер?

Сүрөт: GETTY IMAGES

Рохиня — Мьянмадагы Ракхайн (башкача аталышы Аракан) штатында жашаган этникалык топ.

Алар өздөрүн штаттын заманбап аймагында жашаган түпкүлүктүү калк деп эсептешет, бирок кээ бир тарыхчылар аларды өлкөдө британ башкаруусу учурунда Мьянмага көчүп келишкен деп божомолдошот.

Алардын көпчүлүгү ислам динин тутушат. Өлкөдө алардын саны 735-800 миң адамды түзөт.

БУУ рохинялар дүйнө боюнча эң эле куугунтуктоого алынган улуттук азчылыктардын бири деп эсептейт.

Алардын жогорку билим алуу укугу жок. Мындан тышкары, алар Мьянма жарандыгын ала алышпайт жана өлкөдө ээн-эркин жүрө алышпайт. Ал эми бийлик өзү аларды бангладештик «мыйзамсыз мигранттар» деп атайт.

Уруштун тарыхы

Сүрөт: GETTY IMAGES

Мусулман рохинялар менен Аракан буддисттеринин ортосундагы уруш 70 жылдан бери уланууда.

Мьянма 1948-жылы көз карандысыздыгын жарыялагандан кийин жаңы өкмөт рохинялардын көпчүлүгү ондогон жылдар аралыгында өлкө аймагында жашап келишкендигине карабастан өлкө жарандары катары таануудан баш тарткан.

Абал 2012-жылы рохинялар менен жергиликтүү буддисттердин ортосундагы массалык башаламдыктар чыгып кеткенден кийин курчуп кеткен. Натыйжада ондогон адамдар каза тапкан.

Он эки миңге жакын рохинялар өлкөдөн качып, алардын көпчүлүгүнүн үйлөрү менен мечиттерин өрттөп салышкан.

Кайра жаңы куугунтуктоолор 2016-жылдын октябрында башталган. Анда белгисиз адамдар чек ара постторуна кол салышып, анын натыйжасында 9 адам набыт болгон.

Жооп иретинде Мьянма бийлиги Ракхайн штатына аскерлерди киргизген. Ошондон бери рохиняларды куугунтуктоо токтобой келет.

БУУнун өкүлдөрү бул иш-аракеттерди «адамзатка каршы кылмыштуулук» деп атап, армия менен полиция рохиняларды токмоктоп, кыйнап жана өлтүргөнүн билдирүүдө.

Мьянма өкмөтү бир нече жолу адам укуктары бузулуп жатканы боюнча билдирүүлөр менен маалыматтарды «жасалма маалыматтар» жана «пропагандалоо» деп атап, рохинялар куугунтукталып жана кодуланып жатканын четке каккан.