Кыргыз-өзбек чек арасында тактала элек 20 пайыз гана жер калды

Президенттик аппараттан 2017-жыл аралыгында кыргыз-өзбек чек арасынын 80 пайызга жакыны такталганын билдиришти. Эксперттердин баамында, чек арага тектеш 20 пайыз гана тактала элек жер калган.

Президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүмдүн орун басары Айзада Субакожоева Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда 1170 чакырым мамлекеттик чек ара аныкталганын билдирди.

Өлкөлөр арасындагы чек аранын узундугу 1370 чакырымды түзөт.

«Кыргыз-өзбек чек арасынын 80 пайызы такталды, болгону 217 чакырымы кана калды. [Өзбекстан президенти] Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон сапары учурунда чек аралар боюнча келишимге кол коюлат. Мирзиёевдин салымына ылайык, калган аймактарды тактоо улантылат», — деди ал.

Субакожоеванын айтымында, чек ара маселесин 2016-жылдын 27-декабрында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Самаркандга барган учурда көтөргөн.

Анда Атамбаев эки өлкөнүн «алакасын жакшыртууга басым жасап, керексиз чектөөлөрдү алып салуунун зарылдыгын» билдирген.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мирзиёев өлкөлөр «соода-сатык мамилелер менен товар айланымын өстүрүү» керектигин маалымдаган.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 6-сентябрда Кыргызстанга алгачкы жолу иш сапары менен келет. Президенттик аппараттан Мирзиёев менен Атамбаев өлкөлөрдүн мындан аркы кызматташтыгын талкуулай турганын билдирди.

Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга болгон акыркы сапары бул кызматты Ислам Каримов аркалап турган учурда 2000-жылы болгон.

Мамлекеттик чек араларды аныктоо боюнча сүйлөшүүлөр 2016-жылдын күзүндө Каримов дүйнө салгандан кийин жандана баштаган.

Өлкөлөр ортосундагы чек араны тактоо маселеси Советтер биримдиги тарагандан бери чечилбей келет, анткени Борбор Азиядагы өлкөлөр жерлерди тактоо үчүн ар кандай документтер менен карталарды сунуштап келишет.

Ошондой эле чек аранын макулдашылбаган жерлеринде эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда далай жолу чыр-чатактар чыгып келген.


ТЕМА БОЮНЧА: