ЖМК: Кулматов Улуттук банктын жетекчилик кызматына көрсөтүлдү

Бир нече кыргыз интернет басылмары Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов Кыргызстандын Улуттук банкынын жетекчилик кызматына көрсөтүлгөнүн жазып чыгышты. Ал эми Кулматов өзү аталган кызматка көрсөтүлүп жатканы тууралуу уга элек экенин билдирди.

Кулматов Улуттук банктын башчылык кызматына көрсөтүлүп жатканы тууралуу маалыматты бир катар ЖМКларга Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан тастыкташкан.

Ошондой эле, айрым басылмалар Кулматовдун аталган кызматка көрсөтүлүп жатканы боюнча маалыматты аларга президенттик аппараттагы маалымат булактары тастыкташканын жазышкан.

Бирок Kloop.kgнин кабарчысына өнүктүрүү фондунан бул маалыматты тастыктап бере алышпасын айтышкан. Фонддун өкүлүнүн айтымында, Кулматов азырынча Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчилик кызматынан кете элек. Ал эми президенттик аппараттан Kloop.kgге бул маалымат боюнча комментарий бере алышпасын айтышты.

Ал эми Кулматов өзү «Спутник» басылмасына курган маегинде учурда жөн гана кеңешүүлөр жүрүп жатканын билдирген, бирок ал анын талапкерлиги көрсөтүлгөнү боюнча эч нерсе уга элек.

Улуттук банктын төрагасын президенттин көрсөтмөсү менен парламент шайлайт.

Улуттук банктын учурдагы төрагасы Толкунбек Абдыгулов 25-августта Сапар Исаков жетектеген өкмөттүн биринчи вице-премьер-министрлик кызматына дайындалган. Улуттук банктын жетекчилик кызматы учурда бош бойдон калууда.

Кубанычбек Кулматов Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагалык кызматын 2016-жылдын март айынан бери аркалап келет.

Буга чейин ал эки жыл бою Бишкектин калаа башчысы болгон. 2004-2013-жылдар аралыгында ал ар кандай кызматтарда иштеген, мындан тышкары үч жыл бою Мамлекеттик бажы кызматын жетектеген.


ТЕМА БОЮНЧА: