Сентябрдын башында коомдук желеде бир буту жок 12 жаштагы Азис Даврановдун футбол ойноп жүргөнү тартылган видео чыккан. Азисти жети жашында маршрутка сүзүп кетип, врачтар анын бутун кесүүгө мажбур болушкан. Өспүрүм өзү сыяктуу балдарга жардам берүүнү кыялданат.

Бишкектин аялдамасында тормозу иштебей калган маршрутка апасы экөөнү сүзүп кеткенде Азис жети жашта болчу. Азистин апасы Венера Давранованын айтымында, сокку ушунчалык катуу болгондуктан, бала бир канча метр учуп барып арыкка түшүп жыгылган.

Окуя болгон жерге келген доктурлар бала өтө оор жаракат алганын айтышкан. Кийинчерээк алар баланын үй-бүлөсүнө өспүрүмдүн бутун кесүү керек экенин, антпесе ал тирүү калбай калышы ыктымалдыгын айтышкан.

Операциянын оор болгонуна карабастан Азис шайыр бойдон — ата-энесин капа кылууну каалаган эмес.

«Ал эгерде биздин маанайыбыз чөгүп турганын көрсө, жинденип кетип, биз аны аячубуз. Жада калса ал ооруканада шайыр болууга себеп тапчу, башка бейтаптар менен ойноп, бизге түрткү бергенге аракет кылчу», — деп айтат Венера.

https://www.facebook.com/elitakg/videos/171859610038302/

Операциянын кесепеттери Азиске жакшы көргөн нерсеси менен алектенүүгө тоскоол болбойт: ал футбол ойноп эшикте көп убактысын өткөрөт. Жада калса ал «Футболду мыкты ойногону» үчүн мактоо баракчасына ээ болгон. Мектепте ал классташтарынан артта калбоого аракет кылып, бардык иш-чараларга катышат.

«Мен эч качан бутумдун жоктугу үчүн кейибейм. Мен башка балдардай эле куунакмын. Мен чоңойгондо режиссер болуп, буту жок балдарга жардам бергим келет», — дейт өспүрүм бала.

Азистин мектеп жашоосу башка балдардыкындай эле өтөт. Агасынан тышкары өспүрүмгө классташтары жардам беришет, алар аны түртүп же жөөлөп кетишпесин деп байкап турушат. Азиске ыңгайлуу болушу үчүн анын классы сабактарды биринчи кабатта окушат.

Венеранын айтымында, соттун чечимине ылайык үй-бүлөгө 300 миң сом өлчөмүндө материалдык жөлөк пул төлөп берилиши керек болчу. 100 миң сомду маршруттук таксинин айдоочусу, ал эми 200 миң сомду механик төлөп бериши керек эле.

Айдоочу ай сайын үй-бүлөнүн эсебине акча которуп турат, бирок ал кыйналып калгандыктан, беш жылда болгону 70 миң сом бере алган. Ал эми механик болсо акча төлөп бербей качып кеткен.

Учурда бул үй-бүлө Бишкектен алыс эмес «Арча-Бешик» жаңы конушунда батирде жашап жатат. Алар жетиштүү акча топтогондон кийин жер участогун алабыз деп үмүттөнүп жатышат.

Үй-бүлөдө Азистен тышкары эки бала бар. Эң улуусу 13 жашта, ал Азисти мектепке алып барып, кайра алып келип жардам берет. Баланын атасы курулушта иштейт.

Авторлоштору: Даниил Хашковский менен Карина Сапанова.