Ысык-Көл: Машинанын төрт жүргүнсүсү жол кырсыгында күйүп кетти

Жолдон чыгып бир нече жолу тегеренип кеткен машинанын төрт жүргүнчүсү тирүүлөй өрттөнүп кетишти. Жол кырсыгы Ысык-Көл облусунун Григорьевка менен Каша айылдарынын ортосунда болгон.

Ысык-Көл ИИБинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жол кырсыгы 8-сентябрь күнү эртең менен болгон.

«Лексус RX-300» үлгүсүндөгү машина төрт жүргүнчүсү менен катуу ылдамдыкта келе жатып, жолдон четтеп кетип бир нече жолу тоголонуп кеткен. Андан кийин машина өрттөнө баштаган. Унаанын салонундагы элдер тирүүлөй күйүп кетишкен. Милициянын маалыматы боюнча, машина ыргып кеткен жолдун узундугу 100 метрди түзгөн.

Окуя болгон жерди кароо учурунда машинанын жанынан автоунаадан түшүп калган буюмдар, унаа тетиктери жана жапайы өскөн кара куурай жыттанган эки мүшөк өсүмдүк табылган.

Кырсык болгон жерди тинтүү учурунда милиционерлер эч кандай документ табышкан эмес, ошондуктан каза болгондор жөнүндө маалыматтарды машинанын жанында табылган сим картанын жардамы менен аныкташат.

Жол кырсыгынын себеби такталууда.

Сүрөт: Ысык-Көл ИИБнин басма сөз кызматы