Шайлоо-2017: Ташиев «өлкөнүн бүтүндүгү үчүн» Жээнбековду колдойт

«Ата журт» партиясынын башчысы жана президенттикке талапкер Камчыбек Ташиев шайлоодо бийликчил социал-демократтар (КСДП) партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбековду колдой турганын чечти. Ташиевдин мындай чечимине «Ата журт» партясынын саясий кеңешинде өлкөдө «туруктуулук менен тынчтыкты» сактоо керектиги айтылганы себеп болгон. 

«Ата журт» партиясынын саясий кеңешинин өкүлү Нургазы Анаркулов «Кактус» басылмасына курган маегинде, Ташиев менен Жээнбековдун сүйлөшүүсү ийгиликтүү болгонун айткан. Анын айтымында, тараптар шайлоодо Ташиев Жээнбековду колдой турган келишим түзүшкөн.

«Мунун бары эл үчүн жана өлкөнүн бүтүндүгү үчүн кылынууда. Биз алты жыл оппозицияда болдук, өлкөнүн бөлүнүүсүнүн алдын алуу жана туруктуулук менен тынчтык үчүн саясатчылар биригишүүдө», — деди ал.

Учурда Ташиев талапкерлигин президенттик жарыштан алаары белгисиз.

Август айында Ташиев президенттикке үч талапкер менен бириккен. Алар «Кайра жаралуу» жаралуу партиясынан Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков жана Бакыт Төрөбаев. Саясатчылар шайлоодо бирдиктүү талапкерди колдошоорун айтышкан.

Бирдиктүү талапкердин ысымы атала турган жаңы партиянын съездин 11-сентябрга белгилешкен. Бирок ал белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Анаркуловдун айтымында, саясатчылар жаңы партиянын аталышы боюнча бир пикирге келише албагандыктан улам съезд болгон эмес.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. БШК президенттикке талапкер катары болгону 13 адамды каттаган.


ТЕМА БОЮНЧА: