Чүй облусунун прокуратурасы Кегети токой чарбачылыгында көк карагайлар көчөттөрүнүн жетишсиздигин аныктады. Мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы өлчөмү 1,3 млн сомду түздү.

Чүй прокуратурасынын кызматкерлери Кегети токой чарбасында баалуу бак-дарактардын даражасына кирген 1466 көк карагайлардын жетишсиздигин аныкташкан.

Бир көк карагайдын баасы 916 сомду түзөт, ал эми мамлекетке 1 342 856 млн сом зыян келтирилген.

Карагайлардын жетишсиздиги фактысы боюнча Чүй облусунун прокуратурасы токой чарбасынын жетекчилерине карата «Бирөөнүн жоопкерчилигине тапшырылган мүлктү коромжулук кылуу же өзүнө ээлик кылып алуу» жана «Шалаакылык» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Чүй облусунун каржы полициясы Кегети токой чарбасынын кызматкерлерине карата иликтөөнү баштады.