Жогорку окуу жайлар активисттерди студенттер менен жолугушууга киргизбей коюшту

Активисттер тобу студенттерди президенттик шайлоодо административдик ресурстун таасирине калбоого үндөш үчүн Бишкектеги үч университетти кыдырып чыгышты. Бардык үч жогорку окуу жайдын жетекчиликтери тең «окуунун жүрүшүн бузушат» деп түшүндүрүп, аларды имаратка киргизбей коюшту.

Активисттер Бишкектин үч мамлекеттик университетине — Бишкек гуманитардык университети, Кыргыз техникалык университети жана Кыргыз мамлекеттик медициналык мкадемиясы — студенттерди кысымга моюн сунбай, өздөрүнө жаккан талапкерге добуш берүүгө үндөш үчүн барышкан.

Админ ресурс менен кысым жок

Бирок бардык үч окуу жайда тең активисттерди милиционерлер менен проректорлор тосуп алышып, университеттердин кампустарына киргизбей кюшту. Алар бул нерсени «окуунун жүрүшүн бузушат» деп түшүндүрүшкөн.

Ошондой эле аталган үч окуу жайдын проректорлору студенттердин бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековго добуш берүүсү боюнча алардын университеттеринде административдик ресурс колдонуу менен студенттерге карата кысым көрсөтүлгөн факт катталган эместигин билдиришти.

«Бизге административдик ресурс колдонулуп жатканы боюнча факттар белгисиз. Бизде студенттердин кеңеши бар, маалыматты жеткиргенге жардам берген механизмдер бар. Мен билбейм, эмне үчүн студенттер арызданып студенттик кеңештерге кайрылышпайт. Бул көз карандысыз уюм, эмне үчүн студенттер кысым боюнча ачык айтышпай жатканы түшүнүксүз», — деди КММАнын проректору Элмира Жумалиева.

Бардык проректорлор активисттердин кайрылууларын кабыл алып, студенттер менен жолугушууну окуудан тышкары убакыттарда уюштуруп берише тургандыктарын айтышты.

«Окуу жайлардын жетекчилери маселеден оолакташууда»

Акциянын уюштуруучусу, бийликчил социал-демократтар партиясынын жаштар канатынын мурдагы жетекчиси Ренат Самудинов аларды ар бир окуу жайлардын алдында жетекчилик менен милиция тосуп алып жатканына таң калды.

«Байкашымча, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн алдын ала эскертип жатышат. Эң башкы максат — биз аларга элдин көзүнчө кайрылууну тапшырдык, алар кабыл алышты. Алар мыйзам бузууларга көңүл бурушат деп үмүттөнөм», — деди ал.

Самудиновдун айтымында, ал бардык үч университеттин студенттерине шайлоодо өздөрүнүн укуктарын түшүндүрүү максатында жолугушканга аракет кылат.

Башка активист Тимур Саралаев билдиргендей, «жогорку окуу жайлардын жетекчилери маселеден оолактап жатышат».

«Азыр жетекчилик кыйыр түрдө макул болду, бирок мен студенттер менен жолугуштураарынан күмөн санап турам. Көптөгөн окуу жайларда телефонсуз жана жаздыруулар жок жабык жолугушуулар өткөрүлүп жатат. Бюджеттик негизде окуган жана жатаканаларда жашаган студенттерге, кимди шайлаш кереги боюнча так буйруктарды беришүүдө. Аларга жетекчилик менен макул болуу жеңил», — деди ал.

Административдик ресурска каршы арыздар

Үгүт кампаниялары башталгандан бери башкы прокуратура окуу жайларга карата үч арызды карап чыкты.

БГУнун аймактардан келген студенттери алар Жээнбековду шайлаганга макул болушкандан кийин аларды Бишкектеги кошумча шайлоо участокторуна каттап жатышканына арызданышкан.

Ошондой эле прокуратура студенттерди КСДПнын талапкерине добуш берүүгө мажбурлап жаткан Жалал-Абаддын окуу жайынын ректоруна каршы арызды текшерген.

Мындан тышкары YouTubeга ыктымал Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын мугалими бийликчил социал-демократтар (КСДП) партиясынан президенттикке талапкери Сооронбай Жээнбековго добуш бербеген студенттер окуудан чыгарылат деп коркуткан аудио жазма жарыяланган.

Башкы прокуратура биринчи эки окуя боюнча студенттерге болгон эч кандай кысымдар тастыкталбаганын билдирген.

КМЮАда жаздарылган деген окуяны учурда башкы прокуратура карап жатат. КМЮАнын мугалими жазмадагы анын үнү экенин мойнуна алууда, бирок окуу жайдын жетекчилиги аудио жазма монтаждалган деп айтууда.

Сооронбай Жээнбеков — укук коргоочулар жана активисттер тарабынан административдик ресурс колдонуп жатат деп бир нече жолу айыпталган, бийликчил КСДП партиясынан президенттикке талапкер.

Бирок арыздарды карап жаткан Борбордук шайлоо комиссиясы менен прокуратура азырынча Жээнбеков тарабынан мыйзам бузууларды таба элек.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Учурда өлкө башчылык кызмат үчүн 13 адам ат салышууда.

Видеотрансляция:

https://www.facebook.com/kloop.kg/videos/10155020306249639/