Мэрия: Башкы прокуратуранын өрттөнгөн имараты калыбына келтирилбейт

Киев менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде өрттөнүп кеткен башкы прокуратуранын имаратын оңдоого жарыяланган тендер токтотулду, анткени курулуштун 70-80 пайызы жараксыз абалга келип калган. Буга чейин мэрия имаратты калыбына келтирүүгө 120 млн сом бөлгөнү жаткан.

Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальнигинин орун басары Койчогул Ибраимов «АКИpress» басылмасына курган маегинде, 2010-жылдагы апрель ыңкылабында өрттөнгөн башкы прокуратыранын имараты оңдолбой турганын айтты.

Оңдоо иштери Жер титирөө инженерия жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун берген корутундусунун негизине ылайык токтотулду.

Корутундуга ылайык, башкы прокуратуранын имаратынын 70-80 пайыз түзүлүшү жараксыз абалга келип калган.

«Имаратка жети жылдан ашык убакыт атосфералык жаан-чачын таасир этти […]. Имаратты калыбына келтирүүнү максатсыз деп эсептейбиз, анткени имараттын туш тарабы өз убагында бүтөлгөн эмес», — деди Ибраимов.

Имаратты калыбына келтирүү үчүн тендер 7-июлда жарыяланган. Шаардын мэриясы имаратты оңдоп түзөгөнгө 120 млн сом бөлүүнү пландап жаткан. Башкы прокуратуранын жалпы аянты төрт миң чарчы метрдан ашат.

Бийлик 2010-жылы мамлекеттик төңкөрүш учурунда башкы прокуратуранын имаратын талкалап, өрттөп кетишкен учурдан бери аны эмне кылуунун айласын таппай келет.

Өрттөнүп кеткен башкы прокуратуранын имаратынын ордуна 2016-жылы мрамор менен жабдылган кеңсе же соода борборун курууну сунушташкан.

Бирок шаардык кеңеш долбоордун каржылыгын аныктабай, имарат мурдагы абалда калган.


ТЕМА БОЮНЧА: