Атамбаев Токмокто милиционерлерге үйлөрдүн ачкычын тапшырды

Президент Алмазбек Атамбаев Токмок шаарында милиционерлерге көп кабаттуу батирлердин ачкычтарын тапшырды. Өлкө башчысы кийинки президент дагы укук коргоо органдарынын кызматкерлерин турак жай менен камсыздоо иштерин улантаарына үмүт кылды.

Көп кабаттуу үйдүн ачылыш салтанаты 26-сентябрда болду.

Президент милиционерлерди куттуктап, аларга үйдүн алдында балдар үчүн оюн зоок аянтчасынын курулушуна сертификат тапшырды.

Атамбаев өз сөзүндө Кыргызстан олигархтардын эмес, жөнөкөй жарандарга кам көргөн өлкө деп атады.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, соңку эки жыл аралыгында милиционерлер менен аскер кызматкерлери үчүн 59 объект жана 1852 батир курулган. Учурда кошумча 40 объект менен 1741 батирдин курулушу жүрүүдөө.

Ошондой эле, президент өлкөнүн келерки жетекчилиги дагы укук коргоо органдарын турак жай менен камсыздоо ишин улантат деп үмүттөнөт.

Устүбуздөгү жылдын 15-октябрында өтө турган шайлоого 13 талапкер ат салышууда.