Бишкек: Жүргүнчүлөрү бар маршруттук такси жол тандабас менен сүзүшүп, жети адам жабыркады

Эркиндин бульвары менен Киев көчөлөрүнүн кечилишинде жүргүнчүлөрү бар маршруттук кичи автобус жол тандабас менен сүзүшкөн. Жол кырсыгында маршруттук таксинин жети жүргүнчүсү жабыркаган, алардын ичинде кош бойлуу келин менен бир өспүрүм бар.

Бишкектин патрулдук милициясынын басма сөз кызматынын орун басары Таалай Бугубаев Kloop.kgнин кабарчысына курган маегинде, жол кырсыгы 27-сентябрь күнү кечинде Эркиндук бульвары менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун билдирди.

«"Мицубиси" үлгүсүндөгү жол тандабас Эркиндик бульвары менен келе жатып салонунда жүргүнчүлөрү бар "Мерседес Бенц" кичи автобусун сүзүп алган», — деди Бугубаев.

Жол кырсыгынын натыйжасында кичи автобустун жети жүргүнчүсү жабыркап, ар кандай жараттар менен ооруканага кайрылышкан. Жабыркагандардын арасында кош бойлуу келин , үч жашар бала жана жашы жете элек үч өспүрүм бар.

Мындан тышкары, маршруттук такси жолдон четтеп кетип жол чырактарды электр энергия менен камсыздаган трансформаторду жулуп кеткен.

Милициядан билдиришкендей, жол кырсыгына кабылган жол тандабас «Мир» телеканалына таандык жана дипломатиялык номери бар.

Экспертиза эки айдоочу тең соо абалда болушканын көрсөткөн. Милициянын маалыматына ылайык, экөө тең бирдей жол эреже бузушпаганын жана жол чырактын туура белгисинде кетип жатышканын айтышууда.

Машиналар айып унаа токтотуу жайына жеткирилип, экспертиза дайындалды.

Иллюстративдик сүрөт


ТЕМА БОЮНЧА: