УКМК: Бабановдун Исаевдин иши боюнча билдирүүсү — тергөөнү «саясий нукка» буруп кетүү аракети

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун депутат Канатбек Исаевдин иши боюнча билдирүүсүн тергөө менен коомдун пикирин «саясий нукка» буруп кетүү аракети деп атады. Саясатчы УКМК Исаевди анын тарапташы болгону үчүн кармашканын билдирген.

УКМК президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов өзүнүн 1-октябрдагы маалымат жыйынында билдирген маалыматты «чындыкка дал келбейт» деп атады.

 Бабанов «Кыргызстан» партиясынын депутаты Канатбек Исаевди анын тарапташы болгону үчүн кармашканын билдирген.

«Эгерде Канат Кедейканович мени колдобогондо, мен анын мындай көйгөйлөрү болмок эмес деп эсептейм», — деп айткан Бабанов.

Улуттук коопсуздук мамкомитети Бабановдун Исаевдин кармалышы боюнча айткандарын тергөө менен коомдун пикирин «саясий нукка» буруп кетүү аракети деп баалады.

Ошондой эле, аталган мекемеде Бабановго өз сөздөрүнө далил келтирүүнү сунушташты.

«Эгерде далилдери жок болсо, Бабанов кезектеги жолу коомчулуктун алдында калп айтты деп эсептейбиз», — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары Бабанов өзүнүн 1-октябрдагы маалымат жыйынында, анын шайлоо алдындагы рейтингдери талкууланган «атайын кызматтын кеңешмесинин» маалыматтары бар экенин билдирген.

Ал эми УКМКдан өз кезегинде мекеме үчүн Бабановдун рейтинги эч кандай кызыкчылык жаратпасын билдиришкен.

«Ал өзү дагы эмес, анын шайлоо алдындагы элестетип алган рейтингдери улуттук коопсуздук кызматы үчүн эч кандай кызыкчылыкты жаратпайт», — деп айтылган билдирмеде.

Бабанов Исаевди УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалгандан кийин маалымат жыйынын курган.

Укук коргоо органдары ага каршы «бийликти күч колдонуп басып алуу» аракети үчүн кылмыш ишин ачкан.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Исаев «массалык башаламандык уюштуруу үчүн кылмыштуу топтор менен сүйлөшүп алган».

Алардын оюнча, Исаев менен анын шериктери президенттик шайлоонун «жыйынтыктары бурмаланышы» үчүн каршылыкка чыга турган адамдарды өз катарларына тартышмак. Ал эми андан кийин каршылык билдирүүлөр массалык башаламандыкка айланып кетиши мүмкүн болчу.

УКМКнын божомолдошунча, эгерде 15-октябрдагы президеттик шайлоодо Бабанов утулуп калса бул нерсе ишке ашмак.


ТЕМА БОЮНЧА: