Теледебаттардын биринчи күнү — Мадумаров Бекназаровго каршы

Президенттик кызматка талапкер Адахан Мадумаров менен Азимбек Бекназаров КТРКнын түз эфириндеги теледебаттарына чыгышты.

Талапкерлерге бирден мүнөт берилген убакытта алардын ар бири телекөрүүчүлөр менен саламдашып башташты.

Ошого карабастан, Бекназаровго бир мүнөт жетпей калып, ал тамашалап «жада калса бул жакта административдик ресурс колдонуулууда» деп айтты. Бекназаровго караганда Мадумаровго телекөрүүчүлөр менен саламдашууга бир мүнөт убакыт жетип берди.

Дебаттардын форматы үч айлампадан турду. Ар бир саясатчыга 25 мүнөттөн убакыт берилди.

Биринчи айлампада саясатчылар Кыргызстанга кандай башкаруу системасы керек жана эгерде алар президент болуп шайланып калса ал кандай болот деген суроолорду камтыган жалпы теманын үстүндө талкуу жүргүзүштү.

Биринчи Бекназаров сүйлөп баштады.

Бекназаров: «Эл курултайда өзүнө хандарды тандап алышы керек»

Анын пикиринде, Кыргызстан өзүнүн түпкүлүгүнө кайтышы керек. Ал өлкөдө маанилүү чечимдерди кабыл алган элдик курултай өткөрүү формасын кайтаруу керек деп эсептейт. Бекназаров бир нече жолу бийлик элдики болушу керек экенин кайталады. Ошондой эле, ал эгерде президент болуп шайланып калсам премьер-министрлик башкаруну жоготуп, өлкөгө президенттик башкарууну кайтарам деп айтты.

Мадумаров: «Бийлик президенттики гана болушу керек»

Сөз кезегин алган Мадумаров Кыргызстанга  президенттик башкаруу формасы керек экени жөнүндө айткан Бекназаровдун пикирине кошулду. Анын айтымында, анын «Бүтүн Кыргызстан» партиясы бул нерсени жети жыл мурда эле сунуштаган. Ошондой эле, ал учурда көптөгөн саясатчылар президенттик башкаруу формасына кайтуу боюнча идеяны карап жатышканын кошумчалады.

Эки саясатчы тең өздөрүнүн пикирлерин билдирип жатып бийлик өз иш-аракеттери үчүн жоопкерчилик тартпайт деп айтышты. Бекназаровдун айтымында, «президент эч качан Жогорку Кеңештин алдында жыйынтык маалыматын бербей өзүн жазаланбай турчудай сезет». Мадумаров учурда элдер «кооз сөздөр менен байманаптык ыкмаларга» ишенишет деп кошумчалап, өзүнүн каршылашынын пикирин кубаттады.

Башмыйзамды өзгөртүү

Бекназаров билдиргендей, эгерде президент болуп туруп зарылдык пайда болуп калса ал Конституцияны өзгөртмөк. Ал эми Мадумаров өз кезегинде, Конституция өнүгүү үчүн алмашып турушу керек деп билдирди.

Экинчи айлампада Кыргызстандын тышкы саясаты боюнча тема талкууланды.

Биринчи айлампадагыдай эле сөз кезегин Бекназаров алды. Алып баруучу ага орус тилинде суроо берди, бирок саясатчы ага орус тилинде жооп бербестигин билдирди, ал бул нерсени Кыргызстанда бир гана мамлекеттил тил бар — ал кыргыз тили деп түшүндүрдү.

Бекназаров кыргыз тилинде жооп берип жатып Кыргызстандын тышкы саясатында эң башкысы — бейтараптык деди. Саясатчынын оюнча, өлкөдө бир гана мамлекет үчүн өнөктөш болбоо керек, болбосо бул биздин башка биримдиктеги өлкөлөр менен кызматташуубузга терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Мадумаров сөз кезегин алып Кыргызстандын бийлиги жүргүзүп жаткан тышкы саясатты «толугу менен ураган» деп атап, катуу сынга алды. Ошондой эле, ал өз сөзүндө бир нече жолу президент Алмазбек Атамбаевди дагы сынга алды. Мадумаров ал жүргүзүп жаткан саясатты өзбек башчысы Шавкат Мирзиёевдин саясаты менен салыштырды. Анын айтымында, Мирзиёев аз убакыттын ичинде «Орусия жана Кытай менен миллиондук келишимдерге кол койгон». «Атамбаев бул учурда эмне кылып жатты? Кофе ичип жаттыбы?», — деп жыйынтыктады Мадумаров өз сөзүн.   

Ушул эле айлампанын жүрүшүндө саясатчылардын ортосунда биринчи талаш башталды. Бекназаров Мадумаровдун Кыргызстандын коңшу өлкөлөр менен мамилеси кандай болушу керек деген көз карашы менен макул болгон жок.

Үчүнчү айлампада саясатчыларга телекөрүүчүлөрдүн суроолорун узатышты. Алар суроо жашырылган сандарды тандап жатышты. Талапкерлер айрым суроолорго биргеликте жооп беришти.

Бекназаровго Нарын облусунан эгерде ал президент болуп шайланып калса электр энергиясына болгон бааларды эмне кыла алат деп суроо беришти. Ал бул маселени президент эмес өкмөт карашы керек деп жооп берди.

Мадумаровдон жаш илимпоздорду колдоо боюнча анын программасы жөнүндө сурашты. Ал жаш кадрлардын тыш жакка агымы көп болуп жатканына карабастан, анда жаштарды тартуу жана жаш окумуштууларды колдоо боюнча программа бар деп жооп берди.

Ал эми аларды башка талапкерлерден эмне айрымалап турат деген суроого Бекназаров анын айрымачылыгы — кыргыз болгонунда деп жооп берди. Ал эми Мадумаров өз кезегинде аны айрымалап турган мүнөз чынчылдык менен принципиалдуулук деп билдирди.

Мындан тышкары эки катышуучу тең эгерде алар президент болуп шайланып калышса коррупция менен кантип күрөшүшмөк деген суроого жооп беришти. Бекназаровдун пикиринде, мындай көйгөйлөр курултайларды өткөрүү менен чечилет. Ал эми Мадумаровдун оюнча, эгерде ал президент болуп шайланса ал«өзү уурдабайт жана башкаларды да уурдатпайт».

Үчүнчү айлампадан кийин дебаттар өз соңуна чыкты.

Авторлошу: Айдай Эркебаева