Ош шаарында түзүлгөнүнүө эки жылдан ашып калган «Жаңы ыргак» коомдук бирикмеси жалпы эле адам укуктары, анын ичинде кыз-келиндердин укуктары жаатында ишмердүүлүк жүргүзөт. Уюмдун мүчөсү жана феминист Салтанат Боронбаева аткарган иш-аракеттери, аларга карата айтылган терс ой-пикирлер жана келечекте коомду кантип өзгөрткүсү келгени тууралуу «Клоопко» айтып берди.

Салтанат Боронбаева.

Кыскача тарыхы

Уюм негизделгенде, жөнөкөй гана демилге түзүлүп, англис тилин өнүктүргүсү келген балдар чогулган. Анан англис тили тайпасы түзүлүп калган. Балдар чогулуп алышып, англис тилинде сүйлөшүп, тасмаларды көрүшүп, талкуу жана сүйлөшүү клубдары иштеп турган. Бара-бара убакыттын өтүшү менен швециялык балдар чыгып, алар муну демилге бойдон эле калтырбастан, 2015-жылы биринчи жолу адам укуктарына негизделген долбоор жазылган. Биздин уюм аткарган иш-аракеттердин бардыгы адам укуктарына багытталган.

Уюм эмне менен алектенет?

Биз бир аз коркпой жана дагы тереңирээк ишке киришип, кыйла актуалдуу болгон көйгөйлөрдү алып чыкканбыз. Балким, ал көйгөйлөрдү биздин коомубуздагы ар бир эле уюм алып чыгууга батына албаса керек. Бизде гендердик теңсиздик, чыр-чатак жана басынтуу бар экенин көрүп турабыз. Анан биз дал ушул нерселер азыркы күндөгү актуалдуу темалар экенин белгилеп, алар менен күрөшүш керек деп чечтик. Андан тышкары, биз эйжизм сыяктуу темаларды дагы алганбыз. Бул адамдын жаш курагына негизделген басынтуу болуп эсептелет. Биз долбоорлор, демилгелер, иш-чаралар аркылуу ушул маселелерди чечүү жолунда баратабыз десек болот.

Иллюстративдик сүрөт. «Жаңы ыргак» уюмунуку.

Алгачкы кадамдар

Мен биринчи жолу келгенде, кыздардын жабык тобу бар болчу. Ал жерде кыздар чогулуп алышып, талкуу кылышчу, анан дагы сырттан адамдарды чакырышкан эмес. Бул, мындайча айтканда, түнт бир топ болгон десек болот. Кыздар өз көйгөйлөрүн айтып беришчү. Бул ачык түрдө феминизм, гендердик теңдик жөнүндө сөз кылган кыздардын тобу деп айтылган эмес. Алгач кыздар жөн эле келишишип, баштан өткөргөн окуяларын ортого салышып, тамак жасап эле жүрүшкөн. Биз буга көп жолду басып өтүп жеттик. Көп убакытка чейин изилдедик. Акырындык менен баштап олтуруп, анан биздин иш-аракеттерибиз кулач жайышы керек деп чечтик.

Мен адегенде ыктыярчы катары келип, анан 2016-жылдын август айында кыздардын тобун ачтым. 20дай кыз бүтүрүүчү болуп чыгышты. Дал ошол жерде биз «феминизм деген эмне, гендердик теңдик деген эмне?» сыяктуу суроолорго катуу эле басым жасап, аны терең изилдей баштадык. Аны менен катар ошол эле кыздар менен биз 8-мартта жүрүш уюштурдук. Бул Ош шаарындагы биринчи жүрүш болгон. Андан мурда кышында бир аптага созулган гендердик нормалар академиясын уюштурганбыз. Ага Кыргызстандын бардык аймактарынан катышуучуларды чакырдык: Бишкектен, Нарындан, Баткенден келишти. Бул да аябай чоң иш-чара болгон. 30дан ашуун киши келген. Андан тышкары сүрөт көргөзмөлөрдү, лагерлерди өткөргөнбүз. Санай берсек абдан көп, чакан иш-чаралар дагы, чоң иш-чаралар дагы уюштурулган.

Сүрөт «Жаңы ыргак» уюмунуку.
Сүрөт «Жаңы ыргак» уюмунуку.

Академия

Быйылкы программабызды ала турган болсок, ал беш күнгө созулат. Алгачкы эки күн теориялык окутууга багытталган. Анда гендер, дискриминация эмне үчүн көйгөй болуп эсептелээри тууралуу баштапкы билим берилет. Катышуучулар муну түшүнүп өздөштүрүшү үчүн сабактар өтүлөт. Андан кийин биз аларды үч топко бөлөбүз: журналисттер, дебатчылар жана сүрөтчүлөр топтору болот. Анан алар гендердик теңсиздик боюнча өз эмгектерин жаратышмакчы. Журналисттер материалдарды жазып чыгарышса, дебатчылар талкуулашып, ал эми сүрөтчүлөр бул темада трафареттерди тартышат.

Катышуучулар кантип тандалат?

Бул темага кызыккандарды атайын критерийлер менен анкеталар аркылуу тандап алабыз. Бул темага даяр эместер алынбайт. Анткени аларды маалымат берип окутуу — аябай татаал. Балким алар туура эмес түшүнүп калышы ыктымал. Эгерде алар чын эле муну көйгөй деп эсептеп, кызыгууларын билдиришсе, биз аларды атайын баскычтар аркылуу тандап алабыз. Бул болжолдуу 15-ноябрда башталып калат. Арыздарды интернет сайтыбыз аркылуу толтуруп жөнөтүшөт.

Терс ой-пикирлерге кантип жооп бересиңер?

Бизге карата айтылган кандай гана сын-пикир болбосун, баарына ачыкпыз. Мисалы, бизди мэнхэйтерлер (эркектерди жек көргөндөр) деп аташат. Анан дароо эле жеке өзүбүзгө кийлигише башташат: «Эмне үчүн өзүңөрдү феминистпиз деп атайсыңар? Балким, жеке жашооңордо мамиле кура албай калдыңар беле?» деген сыяктуу сокур ишенимдер бизге карата айтылат. Биздин дарегибизге аябай эле көп терс ой-пикирлер айтылат, биз эмне үчүн бул нерсе менен алектенгенибизди түшүнүшпөйт. Бизди эркектерди жаман көрүшөт деп ойлошот. А биз чагымга алдырбайбыз, кайрадан аларга түшүндүргөнгө аракет кылабыз. «Бизге суроо узатыңыз, биз жооп беребиз. Балким, сурооңузга жооп табасыз» деп диалог курганга аракет кылабыз.

Кандайдыр бир иш-чараларга катышып калып, жөнөкөй эле жагдайларда, тамактанып олтурган кезде «Эмне үчүн? Бул керек эмес да! Бул биздин менталитет эмес да!» деген сөздөр болот. Анан биз талкуулап, түшүндүрө баштайбыз. Тынчтык жолу менен айтып бергенге аракет кылабыз. Эгерде бизге терс пикир айтышса, уят сөздөрдү колдонушса, андайларга көңүл бөлбөгөнгө аракет кылабыз.

Жылуу сөздөр айтылабы?

Адамдар ар кандай. Өзүбүздүн эле муундагы жаштар «Азаматсыңар, бул көйгөйдү алыптырсыңар, аябай эр жүрөк экенсиңер» дешет. Бизге ийгилик каалаган улуу муундагы кишилер да болот. Бул аябай кубандырат, дем-күч берет. Мындай учурлар дагы көп эле болот.

Уюмдун келечегин кандай көрөсүңөр?

Биз келечегибиз кең болот деп ойлойбуз. Көп нерсени баштан өткөрдүк, көрдүк. Адамдар бул маалыматты кабыл алганга даяр болуп калышты. Биздин ыктыярчыларыбыздын көпчүлүгү 14 жаштан жогорку курактагы жаштар болгондуктан, мектеп окуучулары, студенттер да бар. Аларга бул маалыматты айтканыңда алар так жана туура кабыл алышат.

Бизге келгендердин арасында эркек балдар дагы бар. Кыздарга караганда балдар менен иштөө оор. Анткени биз эркек балдардан өз укуктарыбызды тартып алгыбыз келет да (күлүп). Бирок балдар дагы бул теманы талкуулаганга даяр. Биздеги балдар өздөрүн феминистпиз дешет. Бул бизди кубандырат, анан дагы дем берет. Акырындык менен жылыш болуп атат. Биз аябай жакшы натыйжаларды көрүп атабыз. Беш жылдан кийин бул тема туурасында көп адамдар билип калышат. Азыр бул жөнүндө аз билишет. Жыл өткөн сайын тең укуктуу коомго жеткенге аракет кылабыз.

Иллюстративдик сүрөт. «Жаңы ыргак» уюмунуку.

Феминисттерди эмне тынчсыздандырат?

Мисалы, күйөөсү аялын токмоктосо, кыздарга ашыкча чыгым кылбай эле турмушка чыгыш керек деп окууга тыюу салса, жаш кезинен эле, айрыкча, кыздарга турмуш-тиричилик иштерин үйрөтүп, бирок келечекте өсүүсү үчүн керек болгон нерселерди үйрөтпөсө — дал ушул сыяктуу көйгөйлөр бизди тынчсыздандырат. Тилекке каршы, биз бул көйгөйлөрдүн кесепеттери боюнча эч нерсе кыла албайбыз.

Мындайча айтканда, азыркы системага көнө элек, болочок муунга, жаш кыздарга билим берүү жолу менен көйгөйлөрдүн алдын алсак болот. Анткени алар билим алууга ачык.

Коомубузду кандай көргүңөр келет?

Биз өз жерибизде тең укуктуу, ар бир адамдын укугуна сый-урмат көрсөтүлгөн коомду көргүбүз келет. Улутуна, жынысына карата эч кандай басмырлоо болбогон, бардык адамдар бирдей укуктуу болгон коомду көргүбүз келет. Биз буга ишенебиз.

Сүрөттөр «Жаңы ыргак» коомдук бирикмесинин фэйсбук барагынан алынды.