Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров жол кырсыгынан каза тапты

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун машинасы Бишкек-Кара-Балта жолунда оор жүк ташыган унаа менен сүзүшкөн. Жумакадыров менен кошо жардамчысы жана айдоочусу каза болгон.

Жол кырсыгы 7-октябрь күнү эртең менен Садовое айылынан алыс эмес жердеги Бишкек-Кара-Балта жолунда болгон. Күбөлөрдүн айтымында, машина жолдун каршылаш тилкесине чыгып кеткен КамАЗ менен сүзүшкөн.

Коргоо жана чек аралар маселеси боюнча вице-премьер-министр Темир Жумакадыров, анын жардамчысы жана айдоочусу окуя болгон жерден дароо каза болушкан. Патрулдук милиция менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жол кырсык фактысын тастыкташты.

Сүрөт: Акипресс

«Биздин куткаруучулар бул машинадан үчөөнү алып чыгышты, алардын экөөсү каза болду», — деп билдиришти ӨКМдин басма сөз кызматынан. Алдын ала маалыматтарга ылайык, Жумакадыров шайлоо участкаларын текшерүү үчүн Таласка кетип бара жаткан.

Буга чейин Жумакадыров Коопсуздук кеңешинин катчысы болгон. Жаңы өкмөт түзүлгөндөн кийин ал коргоо жана чек аралар маселеси боюнча вице-премьер-министрлик кызматты аркалай баштаган.