Атамбаев Казакстанды Кыргызстанды «блокадага» алууга айыптады

Президент Алмазбек Атамбаев казак чек арачылары тарабынан көзөмөл күчөгөнүн «блокада» деп атады. Атамбаевдин сөздөрү кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалга реакция болуп калды.

Атамбаев 13-октябрда Баткен облусунун аскер кызматкерлеринин алдында сүйлөп жатканда Кыргызстан Казакстандын бийлиги тарабынан болуп жаткан «үч күндүк блокададан» коркпойт деп билдирди — бул кыргыз-казак чек арасындагы күчөтүлгөн текшерүүгө президенттин биринчи реакциясы болуп калды.

Өлкө башчысынын айтымында, Казакстан өзүнүн иш-аракеттери менен «Евразия экономикалык биримдигин бардык келишимдери менен нормаларын бузууда».

«Кимдир бирөө кошунанын үйүн өрттөйм дегиси келгенде, шамал багытын өзгөртүп, өз үйү дагы күйүп кетиши мүмкүн экендигин эстен чыгарбаш керек», — деди ал.

Ошондой эле, Атамбаев казак бийлигин келерки президенттик шайлоолордо Кыргызстанга өзүнүн «шестеркасын» өлкө башчысы катары «сатып алып» «таңуулоогусу» келип жаткандыгына айыптады.

«Үч кылымдык тарыхы бар эл 3 күндүк блокададан коркуп калбайт. Эч качан, эч бир акчага, эс кандай кысым алдында чет элдик “шестеркаларды” шайлабайт», — деди ал.

«Шестерка» деп Атамбаев бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы деп эсептелген президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов жөнүндө айткысы келсе керек.    

Шайлоо алдындагы талаш-тартыш

Дал ошо Бабановдун сентябрдагы Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен болгон жолугушуусу өлкөлөрдүн ортосундагы дипломатиялык чыр-чатактын чыгышына алып келген.

Кыргызстандын ТИМи ошол жолугушууну «элдин тандоосуна таасир кылуу аракети» деп атаган, ал эми Атамбаев октябрдын башында казак бийлигин Кыргызстандын качкын президенти Курманбек Бакиевди «жакшы көргөндүккө» ошондой эле, алар өз элинин «байлыгын уурдап жатышкандыкка» айыптаган.  

Назарбаев жооп кайтарып Бабановду колдоо боюнча маалыматты «жалган» деп атаган. Казакстандын БШКсы өз кезегинде Атамбаевдин «мурда болбогон билдирүүлөрү» үчүн Кыргызстандагы шайлоого байкоо салуудан баш тарткан.  

Дипломатиялык чыр-чатактар кыргыз-казак чек арасында кыйынчылыктардын чыгышына алып келген — Казакстан өзү тараптагы чек арада 10-октябрь күнү кечинде көзөмөлдү күчөткөнү чоң кезек күтүүлөргө алып келген.

Кыргызстандагы президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Жалпысынан президенттик кызмат үчүн 11 талапкер ат салышууда.