Шайлоо-2017: Президенттикке талапкерлер шайлоо кампаниясына канча каражат коротушту?

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлер канча акча төгүп, өздөрүнүн шайлоо фондунан канчасын коротушканын жарыялады.

Отчетту БШКнын алдындагы көзөмөл-ревизия тобу жүргүзгөн, анда 2017-жылдын 9-октябрынан башталган маалыматтар көрсөтүлгөн. Учурда президенттик кызмат үчүн 11 талапкер ат салышууда.

Ким канча коротту?

Талапкерлердин көпчүлүгү шайлоо фондуна 10 млн сомдон ашык эмес каражат төгүшкөн. Бул тизмекте президенттик жарыштын фавориттеринин бири мурдагы премьер-министр жана ишкер Өмүрбек Бабанов рекордсмен эсептелет.

Ал өзүнүн шайлоо фондуна 200 млн (200 589 866) сом төккөн, анын ичинен 9-октябрга карата 197 млн (197 203 561) короткон.

Жыйынтыгында саясатчынын фондунда 3 386 305 млн сом калган.

Бабановдон кийинки эле болуп анын шайлоодогу башкы атаандашы — бийликчил социал-демократтар партиясынан талапкер Сооронбай Жээнбеков турат.

Ал өзүнүн фондуна 103 млн (103 400 000) төгүп, 98,5 млнун (98 527 041) короткон.

Жыйынтыгында шайлоо кампаниясынан кийин анын фондунда 4 872  959 млн сом калган.

Биринчи эки талапкерге салыштырмалуу мурдагы премьер-министр Темир Сариев шайлоо фондуна абдан эле аз — 40 млн 501 миң сом төккөн. Шайлоо кампаниясы учурунда дээрлик 39,5 млн (39 467 419) сом коротулган, натыйжада саясатчыда 1 млн 33 581 миң сом калган.

Калган саясатчылардын шайлоо фондундагы акчалары 10 млн сомдон өтө эле аз — 1,3 млндон 8 млн сомго чейин төгүлгөн.

Мурдагы депутат Арсланбек Малиев шайлоо фондуна дээрлик 8 млн (7 914 000) сом төгүп, дээрлик бардыгын короткон. Жыйынтыгында саясатчыда болгону 939 сом калган.

БУУнун мурдагы аткаминери Таалатбек Масадыков өзүнүн шайлоо фондуна 4,7 млн (4 796 150) сом төккөн. Бул акчанын дээрлик бардыгы коротулган, натйжада президенттикке талапкерде 77 559 сом калган.

Мурдагы депутат Улукбек Кочкоров шайлоо фондуна 3,5 млн (3521 465) сом төгүп, анын ичинен 3,4 млн (3 458 208) сомун короткон. Талапкер саясатчыда 63 257 миң сом калган.

Дебаттардын бирөөсүнө дагы катышпаган мурдагы вице-премьер-министр Эрнис Зарлыков шайлоо фондуна 2,4 млн (2 487 970) сом төгүп, анын дээрлик бардыгын короткон. Шайлоо кампаниясынан кийин Зарлыковдо 43 954 миң сом калган.

«Революциянын бульдозери» Азимбек Бекназаров шайлоо фондуна 2,4 млн (2 426 600) сом төккөн. Ал дагы башкалардай эле дээрлик бардык каражатты короткон.

КТРКнын эфиринен «жарыштан четтеген» саясатчыда  33 212 миң сом калган.

Президенттикке жалгыз талапкер-аял Токтайым Үмөталиева шайло фондуна 2,3 млн (2 340 115) сом төккөн.

Шайлоо камапаниясы өткөрүлгөндөн кийин укук коргоочуда 214 615 миң сом калган.

Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) шайлоо фондуна туптуура 2,3 сом төккөн. Шайлоо каманиясынан кийин анда болгону 3500 миң сом калган.

Парламенттин мурдагы спикери Адахан Мадумаров шайлоо фондуна бардыгынан да аз акча төккөн — 1,3 млн (1 373 888) сом. Шайлоо кампаниясынан соң анын фондунда болгону 1414 сом калган.