ЕККУ: Шайлоо — легитимдүү, бирок «админресурс, коркутуу жана добуштарды сатып алуулар» болду

Европа коопусуздук кызматташтык уюмунун (ЕККУ) байкоочулары билдиришкендей, өткөн президенттик шайлоодо административдик ресурс колдонуу, коркутуу жана шайлоочулары сатып алуулар катталган. Бирок, алар билдиришкендей, мындай мыйзам бузуулар көп деле болгон эмес жана алар шайлоонун легитимдүүлүгүнө таасир этпейт.

ЕККУнун байкоочулары 16-октябрда президенттик шайлоонун жыйынтыктары боюнча баштапкы отчетунун маалыматтарын жарыялашты.

Байкоочулар айрым шайлоо участокторунда коркутууларды, шайлоочуларды сатып алууларды, ошондой эле, милиционерлер менен элдик кошуундардын шайлоо өнөктүгүнө кийлигишүүсүн катташты.

«Айрым учурларда бул ыйгарым укуктуу эмес адамдар же элдик кошуундар, ошондой эле, милициянын кызматкерлери добуш берүүгө жолтоо болушту», — деди ЕККУнун өкүлү Азай Гулиев.

Байкоочулар билдиришкендей, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери «күмөндүү» жана «жаңылыштуу» болгон.  

Ошондой эле, байкоочулар айрым бир учурларда добуш берүүнүн сыры бузулганын белгилешти. Алардын айтымында, кимдир бирөөлөр урналардын жанында турушуп, шайлоонун жүрүшүн көзөмөл кылышкан.

ЕККУнун өкүлү Лайма Аборикинин айтымында, шайлоо участокторунда көзкарандысыз журналисттер менен байкоочулардын иши чектөөгө алынган.

Бирок, буга карабастан, ЕККУнун эл аралык байкоочулары шайлоо 94 пайызга жакшы өткөнүн жана бардык катталган мыйзам бузуулар добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этпей турганын тыянак кылышкан.

Ошондой эле, эл аралык байкоочулар Кыргызстан — Борбор Азияда демократиялык негиздер иштеп турган жалгы өлкө экенин билдиришти.

Эгерде автоматтык эсептөөлөрдүн жыйынтыктары колго эсептөөлөр же соттук процесстер менен жокко чыгарылбаса эле Жээнбеков Кыргызстандын кийинки президенти болуп калат.

Анын башкы атаандашы депутат жана ишкер Өмүрбек Бабанов добуштардын 33,77% алган.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун расмий жыйынтыктарын добуш берүү бүткөндөн соң 20 күндөн кийин жарыялашы керек.