Шайлоо-2017: 16 000 миңге жакын бюллетень жараксыз деп табылды

Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, алдын ала эсептөөлөр боюнча 16 000 миңге жакын бюллетень жараксыз деп таанылган. Алардын арасында эки талапкер белгиленгендери же таптакыр эле белгилери жоктору дагы бар.

Боршайком шайлоочулардын добуштарын эсептөө менен алектенүүдө. Азырынча 16 000 миңге жакын бюллетень жараксыз деп таанылды.

Булардын көпчүлүк бөлүгү актай болуп же туура эмес толтурулуп калгандар.

БШКнын маалыматына ылайык, президенттик шайлоодо 1,6 млндон ашык кыргызстандык добушун берип, шайоочулардын жигердүүлүгү 55,93% түзгөн.

Бирок так маалымат кол менен эсептөөлөрдүн жыйынтыктары жарыялангандан кийин ноябрда белгилүү болот.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбеков шайлоочулардын добуштарынын жарымынан көбүн алган.

Эгерде автоматтык эсептөөлөрдүн жыйынтыктары колго эсептөөлөр же соттук процесстер менен жокко чыгарылбаса эле Жээнбеков Кыргызстандын кийинки президенти болуп калат.

Анын башкы атаандашы депутат жана ишкер Өмүрбек Бабанов добуштардын 33,77% алган.


ТЕМА БОЮНЧА: