Талас: Бабановдун 200дөй тарапкери жөө жүрүшкө чыгышты

Утулуп калган президенттик казыматка талапкер Өмүрбек Бабановдун тарапташтары Таласта жөө жүрүш өткөрүшүп, «Республика» партиясынын штабынан алдына чогулушкан. Талапкердин штабы митинг уюштурууну четке кагууда. Таластын милициясы абалга көз салып жатканын билдирди.

Таласта Бабановго тилектештигин билдиргендер талапкердин ысымын кыйкырышып, жөө жүрүшкө чыгышты. Жөө жүрүштүн видеосу коомдук тармактарда жарыяланган.

Талас облусунун ИИБнен Kloop.kgнин кабарчысына милиция абалды көзөмөлдөп жатканын билдиришкен.

«Учурда ШИИБдин кызматкерлери жеринде кызмат өтөшүүдө. Жарандык кийимчен болжолдуу 200 адам чогулган. Эч кандай жазма көрнөкчөлөрү жок, талаптары түшүнүксүз. Жөн эле турушат», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

ИИМден «Кактус» басылмасына элдер «Республика» партиясынын штабынын алдына чогулушканын, бирок штаб өзү жабык экенин жана анын ичинде эч ким жоктугун айтышкан.

Талапкердин кеңешчиси Мирсулжан Намазалиев Kloop.kgге курган маегинде саясатчынын штабы эч кандай жүрүштөрдү уюштурбаганын жана бул нерсе тарапташтар өздөрү митингге чыгышкандарын билдирет деди.

Ал эми Бабанов өзү маалымат жыйынында митингдерди уюштурбастыгын билдирген. «Мен эч качан бийликти басып алган эмесмин, келечекте дагы бул нерсени кылууга барбайм», — деди ал.

Талас облусу — ал шайлоо учурунда шайлоочулардын 85 пайыз добушун алган Бабановдун кичи мекени.

Өмүрбек Бабанов — «Республика» партиясынын башчысы жана 15-октябрда өткөн шайлоодо 30 пайыз добуш алып, утулуп калган президенттикке талапкер. Анын башкы атаандашы — бийликчил КСДП партиясынан талапкер Сооронбай Жээнбеков шайлоочулардын 50 пайызынан ашык добушун алып, жеңишке жетишкен.


ТЕМА БОЮНЧА: