Бишкек: Атайын кызмат спайс сатууга шектелген алты адамды кармады

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматтын кызматкерлери алгачкы жолу интернет аркылуу чегүүчү маңзат кошундуларды сатууга шектелген алты адамды кармады. Кармалгандардан синтетикалык маңзаттардын ири өлчөмдөгү көлөмү алынган.

Атайын кызматтар 5-октябрда Бишкекте «психотроптук заттарды сатуу тармагын» уюштурууга шектелгендерди кармаган. Алты адамдан турган топко Кыргызстандын, Орусиянын жана Өзбекстандын жарандары кирген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүүлөр шифрленген интернет-дүкөндөрү аркылуу электрондук Qiwi эсептерин колдонуу менен спайс сатуу боюнча бутакталган тармактарды түзүп көзөмөлдөп алышкан.

Топтун башчылары жашырынуу үчүн электрондук капчыктардын эсептерин бат-баттан алмаштырып турушкан.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин пикиринде, кармалгандар биринчи акчаларды Кыргызстандагы андан соң Казакстандагы электрондук эсептерге которуп турушкан. Андан соң акчалар Арменияга которулуп, аягында Орусия менен Москвада катталган эсептерге түшчү.

Ошентип кармалгандар бир гана баңгизаттарды сатууга айыпталбастан, «кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга» күнөөлөнүшүүдө.

Алардан 110 баштык спайс, ошондой эле, спайс өндүрүү үчүн салмагы 90 грамм болгон психотроптук заттардын кошундулары алынган.

Кармалгандар өздөрүндө болгон баңгизаттардан баасы 2,7 млн сомду түзө турган дээрлик 3 кг чегүүчү спайс кошундуларын жасай алышмак.

Аталган кызматта Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу интернет аркылуу спайс саткан баңги тобунун негизги мүчөлөрү кармалды деп эсептешүүдө.

Карамалгандарга каршы «баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо, сактоо, сатып алуу жана жүгүртүү» беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Сот шектүүлөрдү эки айга тергөө изоляторуна камоо өкүмүн чыгарды.

«Спайс» Кыргызстанда

Кыргызстанда синтетикалык чегүүчү заттар кошундуларын сатууга тыюу 2015 жылы Бишкектин дубал беттеринде «спайстын» сатыла тургандыгы жөнүндөгү алгачкы жарыялар пайда болгондон кийин салынган. Спайсты стакан адамга каршыбиринчи кылмыш иши 2015-жылдын декабрь айында козголгон.

«Спайс» — бул өз ичине түрдүү синтетикалык заттарды камтыган чегүүчү кошулмалардын жалпы аталышы; «спайстын» негизги кошулмалары болуп синтетикалык канабиноиддер (марихуананын аракеттеги заттары) — «JWH-018» жана «CP-47, 419» эсептелишет.

Эки синтетикалык затка тең Европанын бир катар өлкөлөрүндө, АКШда, Орусияда, Беларуста, Украинада, Чилиде, Жапонияда, Канадада, Түркияда, Бириккен Араб Эмираттарында, Түштүк Кореяда жана Австралияда тыюу салынган.

2009-жылы Маңзатына жана ага көз каранды болгондорго мониторинг жүргүзүү боюнча европалык борбор өзүнүн билдирүүсүндө Европада «спайстар» 2006-жылы психоактивдүү таасири бар жыпар жыт катары таратылып баштагандыгын жазган.


ТЕМА БОЮНЧА: