Чыныбай Турсунбеков опера жана балет театрын оңдоого жарым миллион сом бөлдү

Парламенттин спикери Чыныбай Турсунбеков өзүнүн резервдик фондунан Кыргыз улуттук опера жана балет театрын реконструкциялоого 500 миң сом бөлүп берди.

Турсунбеков бул жылы театрга 75 жыл толуп жаткандыгына байланыштуу имаратты оңдоого каражат бөлдү.

Турсунбековдун айтымында, опера жана балет театры — маанилүү маданий борбор.

«Согуш жылдарындагы оор акыбалга карабастан, театр 1942-жылы түптөлгөн, андан өздөрүнүн таланты аркылуу кыргыз искусствосун дүйнө коомчулугуна тааныткан эчендеген улуу инсандар чыккан», — деди ал.

Турсунбековдун айтымында, СССР тарагандан кийин экономикалык көйгөйлөрдүн айынан театрга тийиштүү көңүл бурулбай келген.

Опера жана балет театрын оңдоо

Президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын апрелинде Кыргыз улуттук опера жана балет театрын реконструкциялоо үчүн өкмөткө 37 млн сом бөлүп берүүнү тапшырган.

Бирок курулуш компаниясы менен тендерди 2016-жылдын декабрында гана түзүшкөн. Компания 2017-жылдын апрелинде гана оңдоо иштерине кирише баштаган.

Август айында театрдын чатырынан имараттын көркүн ачып турган скульптураларды алышкан. Бишкектиктер скульптуралардын алынышын «вандализм актысы» деп аташкан.  

Театрдын администрациясы скульптураларды реконструкцияга беришкенин билдиришкен.

Октябрь айында калыбына келтирилген скульптуралардын бирин өз ордуна кайтарышкан, калгандарын даяр болоору менен театрдын чатырына орнотушат.


ТЕМА БОЮНЧА: