Бишкектин Асанбай кичи районунун түштүк жагында курулуп жаткан үйдүн урашы учурунда 11 курулушчу жабыркады. Жабыркагандардын экөөсү оор абалда ооруканага жаткырылып, дагы тогуз курулушчуга окуя болгон жерден жардам көрсөтүлдү.

Маалымат саат 18:30да жаңыртылды.

Курулуп жаткан үй божомолдуу саат 14:00дө ураган. Уроонун натыйжасында каза тапкандар жок.

Имараттын үчкө жакын кабаты курулуп, анын ортоңку бөлүгү урап түшкөн.

Мамэкотехинспекциясынын башкы инспектору Шараф Ачылдиевдин айтымында, уроо курулуш иштеринин эрежелери бузулгандыгы үчүн болгон. Курулуш жүргүзгөн фирмага имаратты курулуш нормаларынын бардык тийиштүү талаптарына ылайык келтирүүсү боюнча билдирме калтырылды.

«Бул эреже бузуу үчүн курулуш жүргүзүү менен техникалык көзөмөл кылган жетекчи, прораб жоопкерчилик тартат. Бул адамдар курулуш объектисинде болуулары керек болчу. Күнөөлүү адамдарды аныктайбыз», — деди ал.

Курулуп жаткан объект «Авангард стиль» компаниясына таандык. Компаниядан уроонун себептерин аныктап жатышканын билдиришти.

Окуядан кийин кызматкерлер дароо эле имараттын урап түшкөн бөлүгүн жашыл материал менен жаап коюшкан, ошондуктан урандыны көрүүгө мүмкүн болбой калган.

 

Милиционерлер бардык курулушчулардан түшүнүк кат алышкан соң аларга курулуш иштеринин эрежелери түшүндүрүлүп, үйлөрүнө коё берилди.

Үстүбүздөгү жылдын февралында Бишкекте ушундай эле окуя болгон, анда шаардын борборунда курулуп жаткан имараттын бешинчи кабатын жаап жаткан учурда курулуш объекти урап төрт курулушчу жабыркаган.

Эгерде сиздерге окуянын чоо-жайы белгилүү болсо, аларды биздин востапп-канал аркылуу билдириңиз +996 555 44 10 06.