Депутаттар жол кыймыл эрежелерин сактабагандар үчүн жазаны күчөттү

Жогорку Кеңештин депуттары биринчи окууда жол кыймылынын эрежелерин бузуу жана жол кырсыгына учуратууга тийиштүү Кылмыш-жаза кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү колдошту.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, эгерде айдоочу жол кырсыгынан жабыркагандын ден соолугуна өзгөчө оор залал келтирсе, ал штраф төлөшү керек болот же ал үч жылга чейин түрмөгө камалат.

Келтирилген зыянга ылайык, жол кырсыгынын күнөөкөрү 100 миң сом өлчөмүндө штраф төлөшү керек болот, же ал үч жылга чейин эркинен ажыратылат. Ошондой эле, кийинки үч жыл аралыгында авто унаа башкаруу укугунан ажыратылат.

Эгерде айдоочу жол кырсыгынын натыйжасында жабыркаганды өлтүрүп же ден соолугуна өзгөчө оор залал тийгизген болсо ал беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылып, айдоочулук күбөлүгү үч жылга алынат.

Мас абалында бир же бир нече адамды сүзүп алган айдоочу миллион сом өлчөмүндө штраф төлөгөнгө милдеттүү. Ошондой эле, анын үч жылга чейин белгилүү бир кызматтарды аркалоосуна тыюу салынган, башкача учурларда ал беш жылга чейин түрмөгө камалат.

Эгерде жабырлануучу жол кырсыгынан ден соолугуна оор залал же жашоо менен дал келбеген жаракат алып, ал эми айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен болсо, анда анын айдоочулук күбөлүгү үч жылга алынып, өзү беш жылга түрмөгө кесилет.

Статистикага ылайык, Кыргызстанда акыркы 10 жыл аралыгында жол кырсыгынан 11 553 адам каза болгон, анын ичинен 958и — өспүрүмдөр.

Орто эсеп менен авто кырсыктардан каза болгондордун саны жылына 1037 адамды түзөт.


ТЕМА БОЮНЧА: