Султан Жумагуловду Маданият министрлигинин башчылык кызматына колдошту

Жогорку Кеңеште депутаттардын көпчүлүлүгү КТРКнын мурдагы башкы директору Султан Жумагуловду Маданият министрлигинин башчылык кызматына колдошту. Бул кызматка ал Түгөлбай Казаковдун ордуна келди.

Жумагуловдун талапкерлигин колдоо боюнча добуш берүү 1-ноябрда Жогорку Кеңеште болду. Аны добуш берүүгө катышкан 84 депутат бир добуштан колдоду.

Жумагуловдун талапкерлигин Маданият министрлигинин башчылык кызматына кароого премьер-министр Сапар Исаков сунуштаган.

Мурдараак Султан Жумагулов КТРКнын башчысы болчу. Андан тышкары Маданият министрлигинин башчылык кызматына драматург Сутан Раев менен мурдагы билим берүү министри Элвира Сариеванын талапкерлиги каралып жаткан.

Ал эми Сариева өзү ага бул кызматты сунуш кылышканы боюнча маалыматты четке каккан.

Мурдагы министр

Маданият министрлигинин мурдагы башчысы Түгөлбай Казаков 28-октябрда экспонаттардын жоголушу менен бир жарым миң жылдык мумиянын жерге берилиши боюнча чыккан чатактын шартында кызматтан кеткен.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Бишкектин Фрунзе атындагы жана Тарых музейиндеги экспонаттардын жоголгонун билдирген. Коопсуздук кеңешинин маалыматына ылайык, Маданият министрлиги экспонаттардын жоголушу боюнча маалымдаган эмес.

Ошондон кийин өкмөткө Маданият министрлигин ишмердигин текшерүүнү сунушташкан.


ТЕМА БОЮНЧА: