Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын инисин атып кетишти

Парламенттин депутаты жана мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновду өз үйүнөн 6-ноябрга караган түнү атып кетишкен.

Кол салуу 6-ноябрга караган түнү саат 2:20лар чамасында Саяновдун Бишкектин Достоевский көчөсүндөгү өз үйүндө болгон. Депутаттын 42 жаштагы иниси «беткапчан белгисиз адамдардын» чыгарган огунан улам жарадар болуп, каза тапкан.

«Бул окуялар Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын коопсуздугу жана өмүрү коркунучта экенин көрсөтүп турат» — деп жазган депутаттын адвокаты Улан Жумаков.

«Азаттык» үналгысы милиция учурда Саляновдун жубайы менен анын балдарын сурап жатканын жазууда.

Бир туугандарынын айтымында, үйгө беткапчан 4-5 адам кирип, акча талап кыла башташкан — Салянов алар менен жаакташып, натыйжада ага ок атылган.

Мурдараак ажал тапкандын 17 жашар баласы уурдалганы маалымдалган, биро кийинчерээк бул маалымат тастыкталган эмес — өспүрүм ок чыгаруу учурунда үйдөн чуркап чыккан.

Жумаков депутаттын бир тууган инисине кол салууну Салянованын мурдагы башкы прокурорлук кызматы менен байланыштырып, Кыргызстандын бийлиги менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетти (УКМК) Салянованын коопсуздугун камсыздоого чакырды.

«[…] Аида Салянова башкы прокурор кезинде уюшкан кылмыштуу топторго жана криминалга каршы активдүү күрөш жүргүзгөнүн айтып өтүү зарыл. Анда бир жыл ичинде кылмыштуу топтор жок кылынып, алардын лидерлери өлкөдөн чыгып кетишкен эле», — деп жазган адвокат фэйсбукта.

Учурда окуя болгон жерде Аламүдүн менен Октябрь райондук милициясынын бөлүмдөрүрү иш алып барышууда. «Азаттыктын» журналисттерине кылмыш болгон жерди тартууга тыюу салышты.

Аида Салянова — учурда «Ата Мекен» фракциясынан депутат — 2011-жылдан тартып 2015-жылга чейин төрт жыл аралыгында Кыргызстандын башкы прокурорлук кызматын аркалап турган.

Ал өз кызматынан президент Алмазбек Атамбаев менен болгон келишпестиктерден улам кызматтан кеткен, кийинчерээк Салянова өлкө башчысынын эң башкы каршылаштарынын бири Өмүрбек Текебаевдин «Ата Мекен» оппозициялык фракциясына кошулгандан кийин бул келишпестиктер күчөгөн.

Учурда Саляновага каршы мурда юстиция министри болуп турган кезде кулатылган президент Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевдин юристи Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартып бергендиги үчүн соттук жараяндар жүрүүдө.

Сүрөт: Бакыт Асанов.