Жээнбековдун инаугурациясына башка өлкөлөрдүн президенттери келбейт

Президенттик аппараттын башчысы Алмаз Үсөнов билдиргендей, жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына башка мамлекеттердин башчылары чакырылган жок. Салтанат 24-ноябрда «Ала-Арча» мамрезиденциясында өтөт.

Үсөнов «Азаттык» үналгысына курган маегинде билдиргендей, салтанатка башка өлкөлөрдүн президенттерин чакырбоо чечими дүйнөлүк практиканы эске алуу менен кабыл алынган.

Бирок анын айтымында, инаугурацияга Кыргызстанда иштеген чет өлкөлөрдүн бардык элчилери чакырылат.

Салтанаттын өзү 24-ноябрга белгиленген, аны «Ала-Арча» мамрезиденциясында өткөрүшөт.

Учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин салтанаттуу инаугурациясы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөн.

Ал учурда Атамбаевдин инаугурациясына Түркиянын президенти Абдуллах Гүл, Грузиянын президенти Михаил Саакашвили, ошондой эле, Казакстандын премьер-министри Карим Масимов, Тажикстандын премьер-министри Акил Акилов жана Азербайжандын өкмөт башчысы Артур Расизаде келген.

Мындан тышкары, Кытай, Өзбекстан, Белорусия, Түркмөнстан, ошондой эле, Татарстан өлкөлөрүнүн улуттук парламенттеринин спикерлери инаугурацияга өздөрүнүн вице-спикерлеринен турган делегаттарды жөнөтүшкөн.

Ал эми Орусиядан инаугурацияга Федералдык бажы кызматынын башчысы Андрей Бельянинов, Конституциялык соттун төрагасы Валерий Зорькин жана орусиялык ТИМдин статс-катчысы Григорий Карасин катышышкан. АКШдан болсо салтанатка катышууга мамкатчынын жардамчысы Роберт Блейкти жөнөтүшкөн.

Калган өлкөлөрдүн атынан Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары катышышкан.

Кыргызстандагы шайлоо

Бийликчил КСДП партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен. БШК анын жеңишин 30-октябрда жарыялаган.

Жээнбеков шайлоочулардын 54,22% добушун алган. Анын башкы атаандашы, ишкер Өмүрбек Бабанов добуштардын 33,49 пайызын алып, экинчи орунду ээлеген. Шайлоодон төрт апта өткөн соң башкы прокуратура «улуттар аралык кастыкты козуткан чакырыктар» үчүн Бабановго каршы кылмыш ишин козгогон.

Шайлоого жалпысынан 1 млн 697 миң 868 адам келип, бул жалпы шайлоочулардын санынын 56,34% түзгөн.


ТЕМА БОЮНЧА: