Ош: Милиционер пара менен кармалды

Ошто пара опузалоо үчүн баңгизаттарга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын кызматкери кармалды. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал негизсиз оштуктун авто унаасын айып унаа токтотуу жайына камап, андан машинаны кайтарып берүү үчүн 300 доллар талап кылган.

ИИМдин ички иликтөө кызматына Оштун тургуну кайрылган. Анын айтымында, 28-октябрда анын машинасын кубалоодон кийин милиционер токтотуп, андан соң эч бир себептерди түшүндүрүүсүз эле машинанын ачкычы менен техпаспортун алып алган.

Кийинчерээк жабырлануучу өз унаасын Оштун баңгизаттарга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынан тапкан. Милиционер андан авто унаанын документтери менен ачкычын кайтарып берүү үчүн 300 доллар талап кыла баштаган.

Милициянын шектүү лейтенанты 9-ноябрда 10 миң сом пара алгандан кийин Оштун баңгизаттарга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын короосунда кармалган. Аны убактылуу кармоо изоляторуна камашты.

Ош облусунун прокуратурасы «Опузалап пара алуу» жана «Кызмат абалынан кынат пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.  

Иликтөөнү Ош облусу боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкармалыгы жүргүзүүдө.

Иллюстративдик сүрөт.


ТЕМА БОЮНЧА: