Парламент Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө кен казууга уруксат берди

Жогорку Кеңештин депутаттары үчүнчү окууда Суу кодексине өзгөртүүлөрдү колдоду — өзгөртүүлөр Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө кен иштетүүгө уруксат берет.

Үчүнчү окууда Суу кодексине өзгөртүүлөр үчүн 63 депутат макул деп, ал эми 22си каршы деп добуш берген.

Жыйынга катышкан укук коргоочу Динара Ошурахунованын айтымында, «башкалар [кесиптештер] үчүн добуш берүүлөр болгон» жана буга «жол берилбеши» керек болчу.

Өкмөт Суу кодексине өзгөртүүлөрдү «Кумтөрдүн үзгултүксүз иштеши» менен түшүндүргөн.

Мыйзам долбоорунда эми Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө «алардын ээришин тездеткен» ишмердикти жүргүзүүгө болот деп айтылган.

Эми өзгөртүүлөргө президент кол коюшу керек.

Суу кодексине өзгөртүү киргизүү

Парламентте өзгөртүүлөрдү вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев коргоп жатты. Анын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча «Центерра» экологияга зыян үчүн 12 миллиард сом кун төлөп берет.

«Ошондо биз Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн 12 млрд сомго сатып жибергенибиз болуп калабы?» — деп сурады КСДПнын депутаты Элвира Сурабалдиева.

«Жок. Биз бул акчаны албай койсок болот. Бирок мөңгүлөр баары бир жылышып кетишет. Биз аларды сактап кала албайбыз», — деп жооп берди Зилалиев.

Мындан тышкары, анын айтымында, мөңгүлөр Кумтөр кени иштетилип бүткөндөн кийин кала берет.

Зилалиевдин маалыматына ылайык, Давыдов мөңгүсүнүн бүгүнкү күнү жарымы иштетилген, ал эми Кумтөр казылып бүтүшүнүн аягына чейин мөңгүнүн 30 пайызы калат.

Лысый мөңгүсү 10 пайызга иштетилген жана Кумтөрдүн жумушу аяктагандан кийин ал дагы 10 пайызга азаят.

Мурдараак Зилалиев билдиргендей, Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү «жоготулган» болчу.

«Парламентти Кумтөр боюнча мурдагы күнөөлөрдү мыйзамдаштырууга мажбурлашып, буга чейин эле болуп келе жаткан мыйзамсыздыкты улантууга аракет кылышууда», — деди депутат Наталья Никитенко.

Бирок Зилалиев мыйзамды кабыл алуу керектигин билдирди, анткени мөңгүлөрдө талаштарды жараткан иштер жүрүп жатат.

«Өнүгүү — Прогресс» партиясынан депутат Исхак Масалиев билдиргендей, өзгөртүүлөрдө «Кумтөрдүн» гана кызыкчылыктары эске алынган.

«Мөңгүлөрдү жылдыруу деген эмнени билдирет? Эмне деген бала бакча? Аларды каякка жылдырасыңар? Эгерде силер мындай кылганды билсеңер мүмкүн аларды бир сарайга чогултасыңар?» — деди ал.

Мөңгүлөрдү сактоо боюнча митингдер

Депуттар мөңгүлөр боюнча талашып-тартышып жаткан учурда 10дон ашуун укук коргоочулар өзгөртүүлөрдү кабыл албоо талабы менен парламенттин алдында митингге чыгышты.

«Биз жеринде Кумтөр кениндеги кырдаал менен тааныштык, чынында абал оор экен. Компания өзүнүн 20 жылдагы ишмердигинде Давыдов мөңгүсүнүн 70 пайызын жок кылган. Мындан тышкары, мөңгүдө Сары-Төрдү каза башташкан жана ал Давыдов мөңгүсүнүн тагдырын кайталашы мүмкүн», — деди активист Мавлян Аскарбеков.

Ошондой эле, укук коргочулар менен активисттер дагы 8-ноябрда бул өзгөртүулөргө каршы митингге чыгышкан.

Укук коргоочу Рита Карасартова билдиргендей, бийлик мындай өзгөртүүлөрдү кабыл албашы керек.

«Башка өлкөлөр өздөрүнүн мөңгүлөрүн сактоо үчүн жана алардын ээрип кетишин азайтуу максатында мөңгүлөрүн кездеме менен жабышат, биздин эл мөңгүлөрдү бузуп, бул нерсенин баарын мыйзам чегинде жасап жатат», — деген ал.

Кумтөрдүн ишинин токтошунан келтирилген чыгым

«Кумтөр Голд Компани» компаниясынын башкармасынын мүчөсү Дүйшөн Касеновдун айтымында, компаниянын ишин Давыдов мөңгүсүнүн карьерге түшүшү токтото алат.

Ал жылышып жаткан музду жылдырууга туура келип жатканын айткан, ошондуктан Суу кодексине бул өзгөртүүлөр керек.

Ошондой эле, Касенов ишкананы токтотуудагы чыгымдын жалпы өлчөмү жылына 360 млн долларды түзөөрүн айткан


ТЕМА БОЮНЧА: