Руслан Казакбаев «Республика — Ата-Журт» фракциясынын лидери болду

Руслан Казакбаев

Фракциянын мүчөлөрү өзүнүн башчысы кылып Руслан Казакбаевди тандашты. Казакбаевди фракциянын лидерлик кызматына кароону партиянын башчысы Өмүрбек Бабанов сунуштаган.

Депутат Умбеталы Кадыралиев билдиргендей, «Республика — Ата-Журт» фракциясынын мүчөлөрү башчылык кызматка Казакбаевди тандашып, фракциянын депутаттары бул маселени жабык түрдө карашкан.

Фракциянын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов 13-ноябрда өз эрки менен кетип жатканын жарыялаган.

«"Республика" партиясынын жана "Республика — Ата Журт" парламенттик фракциясынын иши мыйзам долбоорлорунун ийгиликтүү ишке ашуусу жана социалдык-экономикалык саясаттын өзгөрүшү багытында бирдиктүү жана ургаалдуу алып барылышы керек», — деп айтылган билдирүүдө.

Ошол эле күнү депутаттар фракциянын лидерлик кызматына мурдагы тышкы иштер министри жана депутат Руслан Казакбаевдин жана ошондой эле, анын партиялашы Талант Мамытовдун талапкерлигин карап жатышканы белгилүү болгон. Бирок айрым депутаттар Бабановдун сунушуна карабастан, Казакбаевдин талапкерлигине каршы болушкан.

Өмүрбек Бабанов — мурдагы өлкө башчылыгына талапкер жана президенттик шайлоодо жеңип чыккан бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы.

Бабанов шайлоодо добуштардын 33 пайызын алып, экинчи орунду ээлеген. Ал добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын тааныган, бирок бийлик административдик ресурс колдонгонун билдирген, аны эл аралык байкоочулар дагы тастыкташкан.

Шайлоодон кийин башкы прокуратура Бабановго каршы «улуттар аралык кастыкты козуткан чакырыктар» үчүн кылмыш ишин козгогон. Ал бул айыптоону «саясий мүнөздүү» деп атаган.

Кийинчерээк Бабанов Москвада даарыланып жаткандыгы тууралуу билдирген, бирок учуруда анын Кыргызстанга кайтып келиши боюнча эч нерсе белгилүү эмес.


ТЕМА БОЮНЧА: