Казакстанда уурдалган машина Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн кызматкеринен «табылганы» айтылууда

Казакстандын жаранынын «Лексус-LX570» үлгүсүндөгү машинасын 2017-жылдын февралында Алматынын автобазарынан уурдап кетишип, кийинчерээк ал Кыргызстандан табылган. Казак полициясынын маалыматына ылайык, жолтандабасты Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкери айдап жүргөн. Кыргыз атайын кызматтары учурда кызматтык иликтөө башталганын билдирди.

Nur.kz басылмасы полицияга таянып билдиргендей, 65 миң доллар турган «Лексус-LX570» унаасын 2017-жылдын февралында Алматынын автобазарынан уурдап кетишкен. Машинанын уурдалып жаткан учуру байкоо камераларына түшүп калган.

Машинанын ээси алматылык Сакен Ахметов уурдоо боюнча арыз менен полицияга кайрылган. Полиция Казакстандын ИИМнин интерполу аркылуу машинаны төрт айдан соң табышкан — «Лексус» Кыргызстанда жүрүп, жаңы ээлик кылган адамга катталган.

Басылма полицияга таянып, Кыргызстанда машинанын айдоочусу болуп жаңы ээлик кылган адамдын агасы экени аныкталып, ал УКМКнын кызматкери болуп чыккан. Тагыраак айтканда, УКМКнын кызматкери, басылманын маалыматына ылайык, Кыргызстандын башкы прокурорунун орун басары болуп эсептелет.

Басылманын маалыматына ылайык, Кыргызстанда унааны документтер дал келбегендигинен улам Ахметовго кайтаруудан баш тартышкан, ошондой эле, ал өз машинасын кайтаруу аракеттерин токтотушу үчүн ага карата кысым көрсөтүшкөн.

Кыргызстандын башкы прокуратурасынан билдиришкендей, машинаны «техникалык паспорттогу жасалма маалыматтар менен» 2,7 млн сомго сатышкан.

Башкы көзөмөл органы 2017-жылдын июнь айында кылмыш жасоо белгилери менен «Алдамчылык» жана «Документтерди жасалмалоо» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

«Тергөөнүн жүрүшүндө машина ИИМдин айып унаа токтотуу жайына камалды, анткени ал Казакстандан уурдалган жана издөөдө. Кылмыш жасоо үчүн Кыргызстандын эки жараны камакка алынды», — деп айтылат башкы прокуратуранын маалымалында.

Ошондой эле, башкы прокуратура билдиргендей, машинаны сатып алган кыз менен анын УКМКнын кызматкери деп эсептелген агасы башкы прокурордун орун басары менен тууганчылык мамиледе эмес.

Кыргызстандын УКМКсынан билдиришкендей, алар уурдалган машина чындыгында эле алардын кызматкеринен табылганы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүшөт. Атайын кызмат эгерде бул маалымат такталса, ал жоопкерчиликке тартылаарын билдиришти.