Бабанов Жээнбековду президенттик кызматка киришүүсү менен куттуктады

Мурдагы президенттикке талапкер жана депутат Өмүрбек Бабанов «бийликтин алмашуусун» «баасыз жетишкендик» деп атап, шайлоодо өзүнүн башкы атаандашы болгон Сооронбай Жээнбековду инаугурациясы менен куттуктады.

Бабанов өзүнүн куттуктоо сөзүн фэйсбукта жарыялаган.

Саясатчы өзүнүн кайрылуусунда Кыргызстандагы туруктуулукту белгиледи. «Бийлик өз ыктыяры менен алмашты. Өлкөбүздө туруктуулук сакталды! Элимди дал ушул эң баалуу жетишкендигибиз менен куттуктагым келет!», — деп айтылган Бабановдун билдирүүсүндө.

Ошондой эле, ал Жээнбеков Атамбаевдин жолун улантып, өлкөдө туруктуулук менен тынчтыкты бекемдеши керектигин жазган. Бабанов Кыргызстанды демократиялык жана укуктук мамлекет катары өнүктүрүүгө чакырды.

«Кыргызстаныбыз менен элибиздин биримдиги жана бүтүндүгү – эң бийик баалуулук, андыктан ниеттерибиздин окшош экендигине ишенем жана сизди президенттик кызматка расмий киришүүңүз менен куттуктайм!» — деп айтылат Бабановдун куттуктоо сөзүндө.

Мындан тышкары, Бабанов кыргыз эли жаңы президентти колдой турганына үмүттөнөөрүн билдирди.


ТЕМА БОЮНЧА: